АМПУТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМПУТАЦИЯ (лат. amputatio – кесип таштоо) – адамдын мүчөсүн (колу, буту, эмчек, жатын) же анын кайсы бир бөлүгүн хирургиялык жол менен кесип таштоо. Оорулуунун абалына жараша кол, бут, манжасы муундан ажыратылып кесилет же ал мүчө бүт алынат. Ампутация жабыркаган мүчө тиричиликке жөндөмүн жоготкондо же аны кесип таштоо менен оорулуунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон учурда гана жасалат. Бул операция коркунучтуу шишикте, гангренада, кол, бут катуу кырсыкка чалдыкканда ж. б. жүргүзүлөт. Азыркы убакта жаракат алган орган ампутация жасалбай эле микрохирургия ыкмалары менен кайра ордуна тигилет.