АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн △ᒐ бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү механикалык күчтү аныктоочу закон: F = kIB △ᒐ sin α , мында α магнит индукциясы менен токтун элементинин IΔᒐарасындагы бурч. Вектордук Ампер закону d,F = [IdᒐᐧB| түрүндө жазылат. Бул закон 1820-жылы ачылган. Француз физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (△ᒐ) пропорциялаш экендигин далилдеген. △F вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар түрдүү электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.