АМОРФТУК ЗАТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМОРФТУК ЗАТТАР – ички түзүлүшү боюнча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мисалы, айнек, фарфор, чопо жана башка. Аморфтук заттардын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, башкача айтканда анын физикалык касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы жана башка бардык багыттар боюнча бирдей болушат. Аморфтук заттардын белгилүү эрүү температурасы болбойт, алар температуранын жогорулашы менен жумшарып барып, температуранын кандайдыр интервалында эрийт.