АМОРФТУК АБАЛ
АМОРФТУК АБАЛ (гр. amorfos – формасыз) – изомериялык касиетке ээ жана белгилүү эрүү температурасы болбогон кристаллдык эмес катуу заттардын абалы. Аморфтук абалдагы заттын температурасын жогорулатканда, акырындык менен жумшарып, бара-бара суюк абалга өтөт. Катуу заттын мындай өзгөчөлүгү аны түзгөн бөлүкчөлөрдүн жайгашуусунда алыскы иреттүүлүктүн жоктугу менен түшүндүрүлөт. Затты түзгөн атомдор жана молекулалар анын бардык көлөмү боюнча белгилүү иретте жайгашып турса, ал алыскы иреттүүлүк деп аталат. Кристаллдык заттардын структурасы - алыскы иретке, аморфтук абалдагы заттар жакынкы иретке ээ. Жакынкы ирет суюк абалдагы заттарга да мүнөздүү. Көлкүлдөп эриген затты тез муздатканда Аморфтук абалдагы заттар алынат. Мисалы, кристаллдык кварцты көлкүлдөтүп эритип, кайра тез муздатканда аморфтук кварц айнеги пайда болот. Табиятта аморфтук абалдагы заттар кристаллдык абалдагы заттарга караганда аз таралган. Акак, табигый мом, битумдар, полимерлер аморфтук абалда болот.