АМОНТОН
Jump to navigation
Jump to search
АМОНТОН (Amontons) Гийом (Гильом; 1663, Париж – 1705, ошол эле жер) – франциялык физик жана геофизик. Париж ИАнын мүчөсү (1699). Өзгөчөлөнгөн бир нече геофизикалык аспаптарды, гигрометр, барометр, газ термометрлерин ж. б-ды конструкциялаган. Температуранын абсолюттук нөл түшүнүгүн киргизген. Абанын басымы менен температуранын серпилгичтигин байланыштырган. Абанын, сымаптын ж. б. телолордун жылуулуктун таасиринен кеңейгенин байкаган. Катуу телолор бири-бири менен сүрүлүшкөндө алардын жылышаарын изилдеп алгачкы законун ачкан (1699). Ал закон “Амонтон закону” деп аталган. Тирүү организмдердин механикалык кыймылын жана ага кеткен күчтү ченөө менен да алектенген.