АММИАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АММИАК, NH3 – азоттун суутек менен болгон жөнөкөй бирикмеси. Түссүз, кескин жыттуу, тумчуктургуч газ. Жаратылышта органикалык заттардын чирип ажырашынан пайда болот. Эрүү t 80°С,кайноо t 33,35°С, сууда жакшы эрийт, спирт, ацетон, хлороформ жана бензолдо начар эрийт. Төмөнкү температурада, жогорку басымда суюктукка, ал эми андан ары төмөндөтсө жана басымды көбөйтсө кристаллга айланат. Суюк Аммиак эриткич катары колдонулат. Аммиактын суудагы эритмеси нашатырь спирти деп аталат. Жогорку температурада азот жана суутекке ажырайт, кислоталар менен сууда жакшы эрий турган туздарды берет. Бул туздар ысытканда жеңил ажырайт. Аммиак кислоталар менен аммиакаттарды, кээ бир металлдар менен нитриттерди же амиддерди, күкүрт, көмүр кычкыл газы менен ысытканда N4S4, HCN ж. б. пайда кылат. NH3тү кычкылдандыруудан азот кислотасы, азот жана анын оксиддери пайда болот. Ал азот менен суутектин аракеттенүүсүнөн же көмүрдү кокско айландырганда бөлүнүп чыккан газдан алынат. Азот кислотасын, карбамидди, органикалык заттарды синтездөөдө, жер семирткичтерди даярдоодо, медицинада жана химия өнөр жайларда кеңири колдонулат.