АМИРАЕВ Убайдулла Амираевич
АМИРАЕВ Убайдулла Амираевич (1942-жылы туулган, Талас облусу, Манас району, Үч-Коргон айылы ) – медицина илимдеринин доктору (2008). КММИни (1968), Москва стоматологиялык медициналык институтунун аспирантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун КММИде клиникалык ординатор болуп иштеп баштаган. И.К. Ахунбаев атындагы КММИде ассистент, доцент, профессордун милдетин аткаруучу. КР Президентинин Грамотасы менен сыйланган, СССР саламаттык сактоосунун жана КРдин билим берүүсүнүн отличниги. Анын 189 илимий эмгеги, анын ичинен 7 монография, 8 окуу китеби, 7 ойлоп табуунун патенти жарык көргөн.
Эмг.: Ортодонтия: учебное пособ. –Б.: Кутбер, 2013.– 425 с. Штифт для протезирования передних групп зубов по Амираеву// Патент № 203. КР. 2016.