АМИНКИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМИНКИСЛОТАЛАРЫ – молекуласында карбоксил (СООН) жана амин (NH2) топтору бар органикалык бирикмелер. Амин топтордун жайгашышына жараша α-, β-, γ- аминкталары деп бөлүнөт.α-А. жогорку температурада (220-315°С) эрий турган түссүз кристалл түрүндөгү заттар, сууда жакшы эрийт, көпчүлүк органикалык эриткичтерде эрибейт. Белок молекулалары аминокислоталарынан турат жана аны гидролиздөөдөн 20дан ашык аминокислоталар алынган. Алар α-, β- каныкпаган карбон кислоталарына аммиакты кошуудан алынат. 1926-ж. В. М. Родионов реакцияны бир баскычта жүргүзүү жолун, б. а. чексиз карбон кислоталарына аммиакты кошуу реакциясын сунуш кылган.

Бир NH2 жана бир СООН тобун кармап турса моноамин карбон кислоталары, мисалы, NH.-CH.-COOH (глицин), эгерде эки NH2 жана бир СООН тобу болсо диамин карбон кислоталары NH2-CH2- (СН2)3 CH(NH2)3-COOH (лизин), ал эми бир NH2, эки СООН тобу бар кислоталар моноамин дикарбон кислоталары деп аталат. Аминкислоталары амфотердик касиетке ээ. Белок молекуласы аминкислоталарынан тургандыктан тирүү организм үчүн мааниси өтө чоң. Медицинада дары-дармек катары, тамак-аш өнөр жайында, кээ бири пластмасса жана синтездик була алууда, мал чарбасында жана ветеринарияда, малды тоюттандырууда колдонулат.

Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия. Б., 1991.

Ж. Медетбекова.