АМИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМИН Хафиззулла (1. 8. 1929, Пагман, Кабулга жакын, Афганистан эмираты – 12. 12. 1979, Кабул) – Афганстандын саясий жана мамлекеттик ишмери. Элдик-демократиялык Хальк партиясынын мүчөсү болгон. 1978-жылы апрель революциясынан кийин бийлик Хальк партиясынын колуна өткөн соң, жарандык согуш башталган. Анын жүрүшүндө Амин премьер-министр жана коргоо министри болуп калган. Афганистандагы окуяларга АКШ жана Советтер Союзу кийлигишип, көзөмөлдөп турган. Москванын көрсөтмөсү менен мамлекет башчысы Н. М. Тараки Аминди кызматтан четтетүүнү көздөгөн. Бирок, бул тууралуу кабардар болгон Амин 1979-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Тараки камакка алынган жана Аминдин жактоочулары тарабынан өлтүрүлгөн. АКШнын колдоосуна таянуу менен Амин өзүн Афганистандын президенти деп жарыялаган. «Социализмди» тезинен куруу курсун жарыялап, Афганистандын элдик-демократиялык партиясынын катарындагы өзүнүн оппоненттерине каршы репрессия уюштурган. Бирок, мамлекеттик төңкөрүш жана Таракинин өлүмү өлкөдө баш-аламандыкты пайда кылып, Афганистанга советтик аскерлер киргизилген. Амин президенттик сарайды штурмалоо учурунда (1979-жылы 27-декабрда) өлтүрүлгөн.