АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ (United States of America, USA), A K Ш – Түндүк Америкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Канада, түштүк-чыгышынан Куба (Гуантанамо аскер базасы), түштүк-батышынан Мексика менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны, батышын Тынч океан, түштүгүн Мексика булуңу чулгайт. Аянты 9,5 млн км2. Калкы 318,9 млн (2014). Борбору – Вашингтон шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Администрациялык-аймактык жактан 50 штаттан, штат укугун алган өзүнчө Аляска, Гавайи штаттарынан жана Колумбия федерация (борбордук) округунан турат (к. таблицаны). АКШнын ээликтери: Вест-Индиядагы Виргиния аралы, Чыгыш Самоа, Гуам жана Океаниядагы бир топ майда аралдар. АКШнын убактылуу «опекасында» Тынч океандагы Каролина, Мариана жана Маршалл аралдарынан турат. 1903-жылдан бери Панамага таандык Панама каналыньн зонасы АКШнын ижарасында.

Мамлекеттик түзүлүшү

АКШ – федерациялык мамлекет. АКШнын Конституциясы 1787-жылы 17-сентябрда кабыл алынып, 1789-жылы 4-мартта

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ 33.png
АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫ 34.png

күчүнө кирген. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент; ал ошондой эле куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Президент жана вице-президент эки баскычтуу шайлоо менен 4 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Конгресс, ал 2 палатадан – өкүлдөр (435 депутат 2 жылга шайланат) жана сенаттар палаталарынан (ар бир штаттан 2ден сенатор 6 жылга шайланат) турат. Сенаттын курамынын үчтөн бир бөлүгү ар 2 жылда жаңыртылат. Өкүлдөр палатасынын укугу сенаттан кененирээк. Ар бир штат өз конституциясына, мыйзам чыгаруу (легислатура) жана аткаруу органдарына ээ. Штаттарды башкаруу губернаторлор тарабынан ишке ашырылат. АКШда негизинен эки партиялуу система орун алган: Демократиялык (1828) жана Республикалык (1854) партиялар. Мындан сырткары Коммунисттик ж. б. саясий партиялар да бар.

Табияты

АКШнын аймагынын 1/2ин (дээрлик батыш бөлүгүн) Түндүк Америка Кордильерасынын бийик кырка жана бөксө тоолору, платолор ээлейт. Кордильеранын чыгыш чет жакасын бийиктиги 4000 мден ашкан Аскалуу тоолору, батышын Тынч океанды бойлой жайгашкан Жээк кырка тоолору түзөт. АКШнын эң бийик жери – Мак-Кинли чокусу (6193 м) Аляска кырка тоосунда. Чыгышын Аппалачи тоолору (бийиктиги 2037 м) ээлейт. Кордильера менен Аппалачинин аралыгында жазы – Борбордук түздүктөр (бийиктиги 5 мгe чейин), түштүктө Жээк түздүктөрү Mексика бою ойдуңу, Атлантика бою ойдуңу (Флорида жарым аралы кошо) орун алган. АКШнын аймагынын, ошондой эле жалпы материктин эң чуңкур жери – Чоң Бассейндеги (Мохаве чөлундөгу) Ажал өрөөнү, ал деңиз деңгээлинен – 86 м төмөн жайгашкан. АКШ табигый ресурстарга бай: көмүр, жез (өндүрүшү боюнча дүйнөдө 2-орунда), темир, сымап, күмүш, алтын, никель, цинк (дүйнөдө алдыңкылардын бири), вольфрам, уран, фосфат, нефть жана табигый газ (казып алынуусу боюнча дүйнөдө 2-орунда), жыгач даярдоо.
Мелүүн жана субтропиктик континенттик климат басымдуу; Флорида жарым аралына тропиктик, Аляскага мелүүн субарктикалык климат мүнөздүү. Январдын орточо температурасы Аляскада –24,8°С, Борбордук түздүктөрдүн түндүгүндө –18°С, өлкөнүн түштүк-батышында –12°С, Флорида жарым аралында 20°Сге чейин. Июлдун орточо температурасы батыш жээктеринде 14–22°С, чыгышында 16–26°С, ички платолор менен бөксө тоолордун
түштүгүндө 32°С. Өлкөнүн, ошондой эле бүт материктин эң ысык жана кургакчыл жери да Мохаве чөлүндөгү Ажал өрөөнү, анда абанын абсолюттук максимуму 57,7°С катталган; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 50–100 мм. Жаан-чачын чыгышында жана түндүк-батыш жээк тилкелеринде 1000–2000 мм, Борбордук түздүктөрдө 600–900 мм, Улуу түздүктөрдө 400–600 мм, ички бөксө тоолор менен платолордо 400 ммден, айрым жерлеринде 100 ммден аз (Мохаве чөлүндө) жаайт. Ири дарыялары: Миссисипи жана анын куймалары – Миссури, Огайо, Колумбия, Колорадо, Юкон. Миссисипинин сол куймаларынын суусу мол, көп жерлерде кеме жүрөт, гидроэнергия ресурстарына бай. Оң куймаларынын суусу аз, агымы шар. Өлкөнүн түндүк-чыгышында Улуу көлдөр системасы (жарым-жартылайы Канадада) жайгашкан.
Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Аппаличинин этектеринде, Улуу көлдөрдүн аймагында үстөмдүк кылган чымдак-күл жана токойдун коңур топурактары түштүк штаттардын аймактарында Кызыл жана сары топурактар менен алмашат. Борбордук түздүктөрдүн батышында прерийдин күрдүү каралжын, Улуу түздүктөрдө кара жана каштан, 38° түндүк кеңдиктен түштүктү карай күрөң жана бозомук-күрөң, Кордильеранын ички плато, бөксө тоолорунда жарым чөлдүн коңур жана субтропиктик чөл топурактары өрчүгөн. Түздүктөрдө, ошондой эле чымдак-карбонаттуу (Улуу көлдөр аймагында, Мексика бою ойдуңунда ж. б. жерлерде), аллювий (Миссисипи дарыясынын өрөөнүндө) жана шалбаа-саз топурактары кеңири таралган. Тоолуу аймактарга токойдун коңур жана күрөң топурактары мүнөздүү. Аляскада тундра, чымдак-чым көң, тоң-тайга, Гавайи аралында ферралит топурактары үстөмдүк кылат.
Европалыктар келгенге чейин өлкөнүн аймагынын 1/2 бөлүгүнө жакынын токой ээлеген, анда чыгыш бөлүгүн бүт, Кордильеранын капталдарын дээрлик токой каптаган. Улуу түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн талаа өсүмдүктөрү ээлеген. 20-кылымдын 70-жылдарында токойдун 1/2 бөлүгү кыйылып, талаа айдоого айланган. Өсүмдүктөр мурдагы табигый абалында тоолуу аймактарда гана сакталган. Өлкөнүн түндүк-чыгышында жана Улуу көлдөргө жакын шалбаа жана айдоо жерлерге чектеш ийне-жазы жалбырактуу (кызыл карагай, карагай, көк карагай, ак чечек, жөкө дарак ж. б.) токой кездешет. Алар түштүктө, Аппалачи тоолорунун төмөнкү алкактарында (800 м бийиктикке чейин) жазы жалбырактуу токой (эмен, ак чечек, сумах, мандалак дарагы, чынар) менен алмашат. Борбордук түздүктөрдө өскүлөң өсүмдүктүү прерия үстөмдүк кыл-

Колорадо платосундагы Чоң каньон (учурда улуттук парк).

ган, азыр ал дээрлик сакталган эмес. 100° батыш узундуктан батышты карай прерия жапыз өскөн кылкандуу өсүмдүктүү кургакчыл талаага өтүп, айрым жерлери айдалат, калган бөлүгү жайыт катары пайдаланылат. Чоң бассейндин чөлдөрүнө жана жарым чөлдөрүнө шыбак, ала бата ж. б. бадалча, бадалдар, 38° түндүк кеңдиктен түштүктү карай чоң кактустар ж. б. суккуленттер мүнөздүү. Кордильера тоолорунда ийне жалбырактуу токой үстөмдүк кылат; негизги бөлүгүнүн өтө кургакчыл капталдарына кызыл каратайлуу токой, нымдуураак кыр бөлүгүнө жакын карагай-көк карагайлуу токой, 2100–3300 мден жогору субальп жана альп шалбаасы мүнөздүү; айрым жерлеринде талаа ландшафты да кездешет. Тынч океандын жээгинде псевдотсуга, ситхин карагайы, туя токою, Калифорнияда секвоянын 2 түрү (анын ичинде зор мамонт дарагы) таралган. Кургакчыл түштүк-батышында токой катуу жалбырактуу бадалдар жана дарактар менен алмашат. Аляскада түндүк тайга тибиндеги ийне жалбырактуу сейрек токой жана тундра өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат.
Корукка алынган аймактар улуттук парктарды жана парк-монументтерди, штаттар парктарын, жапайы фауна заказниктерин, рекреациялык аймактарды (40тан ашык) камтыйт. Эң ири улуттук парктары: Йеллоустон, Йосемит, Секвойя, Ганрд-Каньон, Эверглейдс, Мамонт жана Карлсбад үңкүрлөрү ж. б. АКШнын аймагынын табияты жөнүндө ошондой эле к. Түндүк Америка материги.

Калкынын

саны боюнча АКШ дүйнөдө 3-орунда (Кытай, Индиядан кийин). Орточо жыштыгы1 км2 жерге 32 киши. АКШ көп улуттуу өлкө, алардын көпчүлүгү өзүнүн тилин, салтын сактап калган. Калкынын көбүн ак расалар (78,1%) түзөт, ошондой эле африка-америкалыктар (13,1%) ж. б. улут өкүлдөрү (8%) да жашайт. Жергиликтүү калкы – индейлердин (11,2%) көбү жок кылынган, калгандары резервацияда жашайт. Негрлер, индейлер, мексикалыктар, пуэрторикалыктар расалык дискриминациядан көп жапа чегишет. Ошондой эле испан, кытай, орус, поляк, корей, вьетнам, япон, грек, араб, хинди, урду, армян, навах тилдеринде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орточо

АКШ. Физикалык КАРТА

узактыгы: эркектериники – 74, аялдарыныкы – 82,2 жаш. Христиан (протестант – 1,3%, католик – 23,9%, башка христиандар – 3,9%), ислам (2%), иудаизм (2%) ж. б. диндерин тутат. Шаар калкы 81,4%. Атлантика океанын, Түштүк Калифорнияны жана Улуу көлдөрдү жээктей шаарлар дээрлик туташ тилкени – мегалополистерди түзөт. Ири шаарлары: Нью-Йорк, Лос-Анжелес, Чикаго, Филадельфия, Детройт, Сан-Франциско, Вашингтон ж. б.

Тарыхы

Азыркы АКШ аймагын индейлер жана эскимостор (Аляскада) мекендеген. 15-кылымда (1492) X. Колумбдун экспедициясы Американы ачкан соң, Түндүк Америкага европалыктар (Испания, Англия, Франция, Голландия, Швециядан) көчүп бара баштаган. 1587-жылы азыркы Виргиния аймагында 1-англиялык колония пайда болгон. 18-кылымда орустар Алясканы өздөштүрө баштаган, 18-кылымдын аягында Калифорнияга испандар, 19-кылымдын башында орустар отурукташкан. Колониялаштыруунун жүрүшүндө жергиликтүү элдерди сүрүп чыгарып, аларды кыра баштаган. Англиянын үстөмдүгүнө каршы жана Түндүк Американын көз каранды эместиги үчүн согушка (1775-83) көтөрүлгөн 13 түндүк америкалык колония 1775-жылы күрөштө жеңишке жетишкен. 1776-жылы 4-июлда Көз каранды эместиктин Декларациясы кабыл алынган жана Америка Кошмо Штаттары түзүлгөндүгү жарыяланган. Англия 1783-жылы Версаль тынчтык келишими боюнча АКШнын көз каранды эместигин тааныды. Колониялардагы 1775-83-жылдардагы көз каранды эместик үчүн согуш Америка континентиндеги 1-буржуазиялык революция катары саналган. АКШнын 1-президенти болуп, көз каранды эместик үчүн согушта америкалык аскерлердин башкы командачысы болгон Ж. Вашингтон болду. Көз каранды эместик үчүн согуштан кийин АКШнын социалдык, экономикалык өнүгүшү негизги эки багыт боюнча жүрдү: Түндүк-батыш жакта өнөр жай төңкөрүшү болсо, түштүк штаттарда плантациялык кулчулуктун реакциячыл системасы өкүм сүргөн. АКШ 1812-14-жылдардагы Англия Америка согушунда жеңип чыгып, көз каранды эместигин чыңдады. 1787-жылы АКШда конституция кабыл алынып, 1789-жылдан күчүнө кирген. 1803-жылы АКШ Франциядан Луизиана колониясын, 1819-жылы Испаниядан Флориданы сатып алган. АКШнын экономикалык жактан жогорулашы менен коңшу аймактарды күч менен кошуп алуу башталып, 1836-жылы Мексикадан Техасты, 1846-48-жылдары Америка-Мексика согушунан кийин Мексиканын жарымына жакын аймагын,

АКШнын штаттары
Штаттары Аянты,миң км2 (1996) Калкы,млн киши(2014) Админ, борборлору
Айдахо (Idaho) 216 1,6 Бойсе (Boise)
Айова (Iowa) 146 3,1 Де-Мойн (Des Moines)
Алабама (Alabama) 133,9 4,9 Монтгомери (Montgomery)
Аляска (Alaska) 1523 0,7 Жуно (Juneau)
Аризона (Arizona) 295 6,8 Финикс (Phoenix)
Арканзас (Arkansas) 138 3,0 Литл-Рок (Little Rock)
Батыш Виргиния (West Virginia) 62,6 1,9 Чарлстон (Charleston)
Вайоминг (Wyoming) 253,4 0,6 Шайенн (Cheyenne)
Вашингтон (Washington) 176,5 7,1 Олимпия (Olympia)
Вермонт (Vermont) 24,9 0,6 Монтпильер (Montpelier)
Виргиния (Virginia) 105,2 8,3 Ричмонд (Richmond)
Висконсин (Wisconsin) 169,6 5,8 Мадисон (Madison)
Гавайи (Hawaii) 16,7 1,4 Гонолулу (Honolulu)
Жоржия (Georgia) 152,6 10,1 Атланта (Atlanta)
Делавэр (Delaware) 5,3 0,9 Довер (Dover)
Иллинойс (Illinois) 150 12,9 Спрингфилд (Springfield)
Индиана (Indiana) 94 6,6 Индианаполис (Indianapolis)
Калифорния (California) 411 38,8 Сакраменто (Sacramento)
Канзас (Kansas) 213,1 2,9 Топика (Topeka)
Кентукки (Kentucky) 104,6 4,4 Франкфорт (Frankfort)
Колорадо (Colorado) 270 5,4 Денвер (Denver)
Коннектикут (Connecticut) 12,9 3,6 Хартфорд (Hartford)
Луизиана (Louisiana) 125,6 4,7 Батон-Руж (Baton Rouge)
Массачусетс (Massachusetts) 21,4 6,8 Бостон (Boston)
Миннесота (Minnesota) 225,2 6,0 Сент-Пол (St. Paul)
Миссисипи (Mississippi) 123,5 3,0 Жэксон (Jackson)
Миссури (Missouri) 180,5 6,1 Жефферсон-Сити (Jefferson Sity)
Мичиган (Michigan) 250,5 9,9 Лансинг (Lansing)
Монтана (Montana) 380,8 1,0 Хелина (Helena)
Мэн (Maine) 85,8 1,3 Огаста (Augusta)
Мэриленд (Maryland) 27,1 6,0 Аннаполис (Annapolis)
Небраска (Nebraska) 200,3 1,9 Линкольн (Lincoln)
Невада (Newada) 286,4 2,8 Карсон-Сити (Carson City)
Нью-Жерси (New Jersey) 20,2 9,0 Трентон (Trenton)
Нью-Йорк (New York) 137,3 19,8 Олбани (Albany)
Нью-Мексико (New Mexico) 315 2,1 Санта-Фе (Santa Fe)
Нью-Хемпшир (New Hampshire) 24 1,3 Конкорд (Concord)
Огайо (Ohio) 116,1 11,6 Колумбус (Columbus)
Оклахома (Oklahoma) 181,1 3,9 Оклахома-Сити (Oklahoma City)
Орегон (Oregon) 251,2 4,0 Сейлем (Salem)
Пенсильвания (Pennsylvania) 118,5 12,8 Харрисберг (Harrisburg)
Род- Айленд (Rhode Island) 3,2 1,1 Провиденс (Providence)
Түн. Дакота (North Dakota) 183 0,7 Бисмарк (Bismarck)
Түн. Каролина (North Carolina) 136,4 10,0 Роли (Raleigh)
Теннесси (Tennessee) 109,2 6,6 Нашвилл (Nashville)
Техас (Texas) 691,2 27,0 Остин (Austin)
Түш. Дакота (South Dakota) 199,7 0,9 Пирр (Pierre)
Түш. Каролина (South Carolina) 80,6 4,8 Колумбия (Columbia)
Флорида (Florida) 152 19,9 Таллахасси (Tallahassee)
Юта (Utah) 219,9 2,9 Солт-Лейк-Сити (Salt Lake City)
Колумбия (Columbia) округу(борб.) 0,2 0,6 Вашингтон (Washington)


1846-жылы Улуу Британиядан Тынч океандын жээктерин (Орегон) кошуп алган, 1867-жылы Россиядан Аляска жана ага жакын Алеут аралын сатып алуу менен аяктаган. 30-жылдардын башынан АКШда кулчулукту жоюу үчүн жалпы улуттук кыймыл пайда болуп, ага негрлердин көтөрүлүштөрү кошулду. Бул Граждандык согушка (1861–65) алып келди. Согуштун жүрүшүндө жана андан кийинки Түштүктөгү буржуазиялык-демократиялык кайра куруулардын натыйжасында кулчулук маселеси демократиялык жол менен чечилди, экономикалык тез прогресс үчүн жана айыл чарбасында фермердик өнүгүү жолунун (америкалык жолдун) биротоло жеңиши үчүн шарттар түзүлдү. Бүткүл бийлик буржуазиянын колуна өттү. 19-кылымдын акыркы чейрегинде АКШда монополисттик капитализмдин калыптануу процесси жүрүп, өлкө кубаттуу индустриялык державага айланды да, өнөр жай продукциясынын көлөмү боюнча дүйнөдө 1-орунга чыкты. Өндүрүштүн концентрацияланышы менен кошо финансы олигархиясы түзүлүп, ал республикалык (1854-жылы түзүлгөн) жана демократиялык (1828) партиялардын системасы аркылуу өлкөнү бийлеп турду. АКШ 1880–90-жылдары Гавайи аралын басып алды, 1898-жылы Испанияга согуш жарыялап, Филиппинди, Гуам, Пуэрто-Рико аралдарын каратты, Кубага протекторат орнотту. 1899-жылы Кытайга карата «ачык эшик» доктринасы жарыяланды. 20-кылымдын башында АКШ Латын Америка өлкөлөрүнө каршы бир нече жолу интервенция жасады. Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда, АКШ 2,5 жыл бою бейтараптыкты сактап, аны америкалык монополиялардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. 1917-жылы 6-апрелде АКШ Антанта тарапта согушка кирди. Согуш жылдарында АКШнын монополиялары ички жана тышкы позициясын чыңдап алды. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ менен Улуу Британия, Франция, Япония ортосундагы карама-каршылыктардын күчөгөнү 1919–20-жылдары Париждеги тынчтык конференциясында (Версаль келишимин иштеп чыгууда) жана 1921–22-жылдары Вашингтон конференциясында көрүндү. 1924-жылы башталган экономикалык стабилдешүүнүн кыска мезгили 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк экономикалык кризистен үзгүлтүккө учурап, өнөр жайдын кескин кыскарышына жана жапырт жумушсуздукка алып келди (1932-жылы жумушсуздардын саны 17 млнго жеткен). Ошол учурда бийликке келген Американын 32-президенти Ф. Рузвельт (1933–45) «жаңы курс» деп аталган бир катар реформаларды жүргүздү. Ал реформалар өлкөнү кризистен чыгарууда зор роль ойногон. Рузвельттин өкмөтү 1933-жылы ноябрда СССР менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Фашисттик Германия СССРге кол салганда, Рузвельт СССРге жардам көрсөтүүгө АКШнын даяр экендигин билдирген. 1941-жылы 7-декабрда Япония АКШнын Тынч океандагы жерлери менен базаларына кол салгандан кийин АКШ Японияга, анан Германияга жана анын Европадагы союздаштарына каршы согуш ачкан. Согуштун жүрүшүндө СССР, АКШ жана Улуу Британия башында турган антигитлердик коалиция түзүлүп, Европада 2-фронт ачуу жөнүндө 1942-жылы июлдагы союздаштардын макулдашуусу 1944-жылы ишке ашырылган. 1942-жылы АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери Түндүк Африкага, 1943-жылы Италияга кирип барган. Фашисттик Германия кыйраган соң, АКШ 1945-жылы Потсдам конференциясына катышты. 1945-жылы августта АКШ Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына зарылчылыгы болбосо да атом бомбаларын таштаган. 1945-жылы 2-сентябрда Япония багынып берген, ал эми анын аймагын америкалык аскерлер оккупациялаган. Согуштан кийин дүйнөдө АКШнын экономикалык, согуштук, саясий позициясы күчөдү. Президент Г. Трумендин өкмөтү (1945-52) СССРге каршы «кансыз согуш» саясатын жүргүзүп, согуш базаларынын тармактарын кеңейткен. 1947-жылы кабыл алынган Маршалл планы боюнча АКШ өкмөтү согуштан кийинки Батыш Европа өлкөлөрүнүн экономикасын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө зор каражат бөлүү менен өзүнүн Европадан негизги союздаштарын чыңдоого түрткү берген. 1949-жылы 4-апрелде АКШнын демилгеси менен НАТО (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму) блогу түзүлгөн. 1960-жылы президент Ж. Кеннединин администрациясы техникалык прогресс, илим-билимди өнүктүрүү жана жакырчылык менен күрөшүү үчүн атайын программаларды ишке ашыра баштаган, артта калган өлкөлөрдүн экономика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенүүгө даяр ыктыярдуулардын уюму – «Тынчтык корпусу» уюштурулган. Ж. Кеннединин тушунда Кубанын аймагына советтик ракеталарды жайгаштырууга байланыштуу келип чыккан Куба кризиси дүйнөнү термоядролук коркунучка алып келген. Бирок Ж. Кеннеди мененН. С. Хрущевдун өз ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кризис дипломатиялык жол менен чечилген. 1963-жылы Кеннединин администрациясы абада, суу астында жана космосто ядролук сыноолорго тыюу салуу жөнүндөгү Москва келишимине кол койгон. 1963-жылы 22-ноябрда Ж. Кеннеди кезектеги шайлоо алдындагы компаниясын жүргүзүү учурунда Даллас (Техас штаты) шаарында өлтүрүлгөн. Анын ордуна вице-президент Л. Жонсон келген жана 1964-жылы шайлоодо ишенимдүү жеңип чыккан. Кеннединин курсун улантуу менен Жонсон «Улуу коом» программасын жарыялаган. 60-жылдардын экинчи жарымында жумушсуздукту жоюу, кары-картандарга жардам берүү, мектеп, жогорку окуу жайларын, дарылоо борборлорун көбөйтүү боюнча программалардын негизинде бир топ социалдык-экономикалык иш-чаралар жүзөгө ашкан. 1965-жылы африка-америкалыктардын шайлоого катышуу тууралуу мыйзам кабыл алынганына карабастан, расалык дискриминация болуп турган. 1964-жылы АКШ Вьетнамга аскерлерин киргизгендигине карабастан, АКШнын Вьетнам элине каршы агрессиясы жеңилүүгө учураган. Президент Никсондун администрациясы 1973-жылы согушту токтотуу тууралуу Париж макулдашуусуна кол койгон. 1972-жылы шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкендигине карабастан, «Уотергейт» чатагына байланыштуу Никсон мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө мажбур болгон. Анын ордун вице-президент Ж. Форд ээлеген. 1976-жылы президенттик шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү Ж. Картер жеңишке жетишкен. Ал Панама каналын 2000-жылы Панамага кайтарып берүү жөнүндөгү макулдашууга кол койгон. 1979-жылы Ирандагы революция жана Тегерандагы америкалык дипломаттарды барымтага алуу жана аларды бошотуу боюнча операциянын ийгиликсиз аякташы Картердин администрациясынын кадыр-баркын төмөндөткөн. 1980-жылы кезектеги президенттик шайлоодо белгилүү киноактёр, мурдагы Калифорния штатынын губернатору Р. Рейган жеңишке жетишкен. Рейгандын администрациясы экономикада жана социалдык чөйрөдө мамлекеттин ролун чектөө саясатын жүргүзгөн. Рейгандын социалдык-экономикалык программасы «рейганомика» деген ат менен белгилүү болгон. Рейган СССРди «кесептүү империя» деп атоо менен ага жарыша куралданууну таңуулоо аркылуу экономикалык жактан алсыратууну көздөгөн. 1980–90-жылдардын аралыгында Америка менен СССРдин ортосунда ядролук куралдардын санын кыскартуу, куралданууну токтотуу, сооданы өнүктүрүү жөнүндөгү бир катар келишимдер түзүлгөн. 1986-жылы Рейкьявикте өткөн АКШ менен СССРдин жетекчилеринин ортосундагы жолугушуу советтик-америкалык мамилелерди жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп калган. 1988-жылы президент болуп Ж. Буш шайланган. 90-жылдардын башында Буштун администрациясы «жаңы дүйнөлүк тартипти» орнотуу саясатын жарыялаган. 1990-жылы АКШ Кувейтке кол салган Иракка каршы батыш өлкөлөрүнүн коалициясын уюштурган. Перс булуңундагы согуш аяктаган соң, АКШда терең экономикалык кризис башталган. 1992-жылы шайлоодо демократиялык партиянын өкүлү У. Ж. Клинтон бийликке келген. Клинтон ички саясатында согуштук чыгымдарды кыскарткан жана социалдык программалар кеңейтилген, 20 млнго жакын жаңы жумушчу орундары түзүлгөн. Инфляция дээрлик эки эсеге кыскарган. 1998-жылы куралдуу күчтөр үчүн бөлүнгөн каражаттар федералдык бюджеттин 16%ин гана түзүп, социалдык программаларга жумшалчу каражаттар ага караганда үч эсеге көбөйгөн. Тышкы саясатта Клинтондун администрациясы АКШнын «дүйнөдөгү лидерлик» ролун сактап турууга аракеттенген. 90-жылдарда АКШнын куралдуу күчтөрү Югославиядагы конфликти жөнгө салууга катышкан. 2000-жылдагы шайлоодо АКШнын 43-президенти болуп Ж. Буш шайланып, эки мөөнөт иштеген. 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун жана Вашингтондогу Пентагондун имараттарынын террорчулар тарабынан жардырылышы 4 миң кишинин өлүмүнө алып келди. Буштун администрациясы «Ал-Каида» террордук уюмун жана анын башчысы Усама бен Ладенди, ошондой эле аны колдоп жаткан Афганистандагы талибдердин режимин күнөөлөп, антитеррордук коалицияны түзүүнү баштаган. АКШнын бен Ладенди кармап берүү талабынан баш тарткандыгы үчүн Афганистанда, 2003-жылы АКШ Иракта Саддам Хусейндин режимине каршы согуштук операциясын ишке ашырган. Натыйжада Иракта уланып жаткан согуш эл аралык нааразычылыктарды жаратып, Бушка болгон ички колдоо акырындык менен төмөндөгөн. 2008-жылы президент Буштун саясаты, Ирактагы согуш, ошондой эле өлкөдөгү финансылык жана экономикалык кризис демократиялык партиянын өкүлү, АКШнын биринчи кара президенти Барак Обаманын шайлануусуна алып келген. Обама өзүнүн антикризистик планын сунуштаган, анда АКШнын экономикасын турукташтыруу үчүн 787 млрд доллар бөлүү каралган. 2010-жылдын март айында саламаттыкты сактоо реформасы жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына түрткү берип, финансы рыногун жөнгө салууну күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Обама Иракта согуш аракеттерин токтоткон. Бирок Буштун Гуантанамодогу туткундарга байланыштуу саясатын жалпысынан колдогон. 2011-жылы Обаманын түздөн-түз буйругу менен иш алып барган АКШнын атайын күчтөрүнүн рейдинде Аль-Каиданын негиздөөчүсү жана лидери Усама бин Ладен Пакистанда өлтүрүлгөн. 2014-жылы 28-декабрда президент Обама Афганистандагы согуштук миссияны расмий түрдө аяктап, 2016-жылдын аягында америкалык аскерлерди чыгарып кеткен. 2015-жылы Панамада өткөн Американын саммитинде Кубанын лидери Р. Кастро Рус менен сүйлөшүүлөрдү (50 жылдан ашуун убакыттын ичинде биринчи жолу дипломатиялык мамилелер түзүлгөн) жүргүзүп, Кубаны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу жараянын баштаган (1982-жылы Рейган тарабынан киргизилген). 2012-жылы президент Обаманын бир жыныстуулардын никесин ачык колдоосу менен Жогорку Сот бир жыныстагы адамдардын никесин улуттук деңгээлде мыйзамдаштырган. 2016-жылдын 8-ноябрында Республикалык партиянын президенттикке талапкери Дональд Трамп Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтонду жеңип алды. АКШнын чалгындоо агенттиктери Россиянын мамлекеттик кызматкерлери шайлоого "АКШдагы демократиялык процесстерге элдин ишенимин төмөндөтүү үчүн" кийлигишкен деген бүтүмдөн кийин 2016-жылдагы шайлоо карама-каршылыктуу болду. Бул Трамптын үгүт өнөктүгү менен орус чиновниктеринин ортосунда мүмкүн болгон келишимдерге байланыштуу суроолор менен катар, ФБРди, Сенатты жана өкмөттү бул маселени иликтөөгө аргасыз кылды. 2019-жылдын сентябрь айында АКШда Д. Трамптын жана Украинанын президенти В. Зеленскийдин чакырыгынан улам АКШда саясий кризис башталды. АКШда COVID-19 пандемиясы таралып, SARS-CoV-2 курч респиратордук синдрому менен жуккан биринчи учур 2020-жылдын январь айында катталган. Алгачкы 5 айда жүз миңден ашуун адам коронавирус инфекциясынын курмандыгы болушкан. 2020-жылдын май айына карата өлкөдө уланып жаткан пандемиядан каза болгондордун саны Корея жана Вьетнам согуштарындагы адамдардын санынан ашып кеткен. 2020-жылы мурдагы вице-президент жана демократ-сенатор Джо Байден президенттик шайлоодо Трампты жеңип алды. Шайлоолор биринчи жолу коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу санитардык чараларды сактоо менен өткөрүлүп, аралыктан добуш берүү тигил же бул талапкерге добуш берүүнүн негизги жолу болуп калды. АКШ биринчилерден болуп (1991-жылы 21-декабрь) Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин тааныган. 1992-жылы 1-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги ачылган.

Чарбасы

АКШ – экономикасы өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДП) өнөр жайынын үлүшү 19%ти, транспорт, байланыш жана коммуналык чарба 9%ти, айыл жана токой чарбалары, балыкчылык 2,0%ти түзөт. ИДПнин көлөмү 16,724 трлн доллар (АКШ, 2013), аны киши башына бөлүштүргөндө 49,9 миң доллардан туура келет.

1992-жылы Канада жана Мексика менен эркин соода жүргүзүү боюнча Түндүк Америка келишимине кол коюлгандан кийин дүйнөдөгү эң ири соода блогу түзүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу, химия, нефтини кайра иштетүү, тамак-аш – татымал, жеңил өнөр жай ишканалары. Айрыкча авиация жана ракета-космостук техникалык, электрондук жабдуулар (анын ичинде компьютерлер жана микросхемалар), приборлор, жаңы конструкциялык материалдар, өнөр жай тармактары жакшы өнүккөн. Өлкөнүн негизги өнөр жайлуу аймагы, башкача айтканда «Өнөр жайлуу алкак» – Түндүк Атлантика жээги менен Миссисипи дарыясынын аралыгы, анда АКШнын иштеп чыгаруучу өнөр жайынын 1/2нен ашыгы, анын ичинде машина куру жана металлургиянын 3/4нө жакыны, тамак-аш жана химия өнөр жайынын 1/2нен ашыгы топтолгон. «Өнөр жайлуу алкактан» тышкары өнөр жай ишканаларынын чордондору, ошондой эле Тынч океан жээктеринде (авиаракета-космостук, радиоэлектроника, нефть иштетүү, тамак-аш, жыгач иштетүү), Техас, Луизиана, Флорида штаттарында (нефть ажыратуу, химия, авиаракета-космостук), Түштүк-Чыгыш АКШда (Флоридасыз; текстиль, химия, электр-металлургия, жыгач иштетүү өнөр жайлары) жайгашкан. Негизги өнөр жай борборлору: Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес, Филадельфия, Детройт, Кливленд, Хьюстон, Бостон, Сент-Луис, Милуоки,Даллас-Форт-Уэрт, Сан-Франциско. Казып алуу өнөр жайында алдыңкы орунду Техас, Калифорния, Луизиана (нефть, табигый газ), Кентукки, Батыш Виргиния, Пенсильвания (таш көмүр), Миннесота (темир рудалары), Аризона, Юта,
Калифорниянын Мохаве чөлүндөгү «Солар ту» заводу.

Монтана, Айдахо, Колорадо, Миссури (түстүү меаллдар) штаттары ээлейт. 1991-жылы 8,8 млн автомобиль чыгарылып, 88,3 млн т болот, 22 млн т пластмасса жана синтетикалык чайыр өндүрүлгөн; түстүү металлдардан 1631 миң т жез, 4394 миң т алюминий, 518 миң т цинк, 466 миң т коргошун эритилип, 368 млн т нефть, 903 млн т көмүр, 529 млрд м3 табигый газ казылып алынган. Өлкөнүн минералдык сырьёго жана отунга болгон муктаждыктарынын кыйла бөлүгүн импорт менен толуктайт. 2008-жылы 4,3 трлн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 71,9% жылуулук электр станцияларына, 5,9% ГЭСке, 19,4% АЭСке туура келет. АКШ – дүйнөдөгү эң ири айыл чарба продуктуларын иштеп чыгаруучу өлкө (калкынын 2%и гана иштейт).
Жогорку деңгээлде механикалаштырылган айыл чарбасында негизги продукцияны индустриялык типтеги ири жеке менчик фермалары берет.

Иллинойстогу ферма.

Айыл чарба структурасынын (Алясканы кошпогондо) 30%ин иштетилүүчү жер, 28%ин токой, 42%тейин жайыт ж. б. түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери 18,7 млн га. Айыл чарбанын товардык продукциясынын 47%ке жакынын дыйканчылык, 57%тен ашыгын мал чарбасы түзөт. АКШ жүгөрү, буудай, пахта, тамеки, эт, сүт даярдоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Тоют өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрустар да бар), жашылча өстүрүлөт. Буудай бардык жеринде өстүрүлөт, бирок негизги аймагы – «буудайлуу алкак» (Канаданын чегинен баштап Улуу түздүктөр аркылуу Техас штатынын борбордук бөлүгүнө чейин камтыйт), жүгөрү – «жүгөрүлүү алкакта» (Айова, Иллинойс, Индиана штаттарында жана аларга чектеш жерлерде) өстүрүлөт. Пахтачылык жана тамекичилик өлкөнүн түндүгүндө жана түштүк-чыгышында өнүккөн. 1992-жылы 60 млн т уудай, 190 млн т жүгөрү, б59 млн т

Акча бирдиги – АКШ доллары.

соя буурчагы, 3,9 млн т пахта жыйналган. Сүт багытындагы мал чарбасы негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында, эт багытындагысы батышында жана түштүгүндө, кой чарбасы тоолуу штаттарда, үй кушу чарбасы түштүк-чыгышта өнүккөн. 1995-жылы 102,8 млн бодо мал, 59,9 млн чочко, 8,9 млн кой, 6 млрддан ашык үй кушу болгон (анын ичинде бройлерлер да бар). 1991-жылы 4,3 млн т балык кармалган.
Темир жолунун узундугу 226 миң км, автомобиль жолунуку 6,5 млн км (шаар жолдору кошо). Ички суу жолу өнүккөн, айрыкча Миссисипи, Огайо дарыялары, Улуу көлдөр, Жээк каналдары кеңири пайдаланылат. Деңиз соода флотунун тоннажы 23,3 млн бр. рег.-т (1992). Негизги деңиз порттору: Нью-Йорк, Жаңы Орлеан, Хьюстон, Филадельфия, Балтимор, Бостон, Ньюпорт-Ньюс, Норфолк, Сан-Франциско, Лос-Анжелес, Сиэтл; көлдөрдөгү негизги порттор: Чикаго, Дулут,Буффало, Кливленд, Детройт, Толидо. Куур транспорту өнүккөн (жалпы узундугу 300 миң кмдей).
Туризм өнүккөн (жылына чет өлкөдөн 43 млндон ашык турист келет). Туристтерди кызыктырган негизги объектилери: Вашингтондо: АКШнын конгрессинин имараты – Капитолий, өлкөнүн президентинин расмий резиденциясы – Ак үй, Ж. Вашингтондун эстелиги, АКШнын улуттук музейи, Улуттук Искусство галереясы, Учуу жана космонавтика улуттук музейи ж. б.; Нью-Йоркто: АКШнын символу – Эркиндик статуясы, Ыйык Патрик собору (19-кылым), Метрополитен музейи, Нью-Йорк калк китепканасы (20-кылымдын башы), Линкольн искусство борбору, Азыркы искусство музейи, С. Гуггенхейм музейи, Бродвей жана Таймссквер аянты (шаардын негизги театрлары менен) ж. б. Табигый кооз жерлери: Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон улуттук паркы, Калифорниядагы Моно көлү, Ниагара шаркыратмасы, Улуу көлдөр. Калифорния жана Флорида шаарларындагы Диснейленд эс алуу парктары, ошондой эле Флориданын пляжы дүйнөгө белгилүү.
Экспортко өнөр жай жабдуулары, самолёт, автомобиль, электрондук жабдуулар, аскер техникасы, химикаттар, таш көмүр, жүгөрү, соя буурчагы ж. б. чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Канада, Япония, Мексика, Батыш Европа өлкөлөрү.

Маданияты

АКШда билим берүү мамлекеттик жана менчик болуп бөлүнөт. Ар бир штат өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына ээ. АКШда билим берүү 6 жаштан башталып, 12 жылга созулат да, үч баскычтан турат (жөнөкөй мектеп – 6 жыл, кенже орто мектеп – 3 жыл, жогорку орто мектеп – 3 жыл). Мектепти бүткөндөр орто билим жөнүндөгү диплом алып жогорку окуу жайларга тапшырат. Кесиптик-техникалык билим берүү «Коммунити Коллежес» базасында жүзөгө ашат. Жогорку билим алуу көпчүлүк учурда 4 жылга (бакалавриат) созулат. Билимин улантуучулар магистратурада (1
жыл) окуйт. Белгилүү окуу жайлары: Гарвард (1636-ж. негизделген), Пенсильвания (1740), Пристон (1746), Йель, Нью-Хейвен, Колумбия (1868), Иллинойс (1867), Калифорния, Корнелл, Чикаго университеттери, Масачуссетс техникалык институту ж. б. Ири китепканалары: Вашингтондогу Конгресс китепканасы, университеттер китепканалары, Нью-Йорктогу калк китепканасы (1845), Чикаго (1872), Бостон (1852), Лос-Анжелес (1872), Кливленддеги коомдук китепканалар ж. б. Дүйнөлүк мааниси бар музейлери: Улуттук, космонавтика жана абада учуу (1946), улуттук искусство галереясы, улуттук көркөм искусство коллекциясы (1846), Вашингтондогу улуттук портрет галереясы (1962), Нью-Йорктогу жаңы типтеги искусство, Нью-Йорктогу метрополитен, Бостондогу көркөм искусство, Чикагодогу табигый-тарыхый, Виргиния штатындагы деңиз ж. б. музейлер.
АКШда басма сөз, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жеке менчикте. Биринчи гезит «Паблик Окьюренсис: Боуз Форинг энд Доместик» 1690-жылы жарык көргөн. Бүгүнкү күндө АКШда гезиттер жалаң гана кагаз бетине түшпөстөн, электрондук булактар аркылуу (интернет) окурмандарга берилет. Эң көп нускалуу гезиттерге – «Юсей Тудей», «Нью-Йорк Таймс», «Лос-Анжелес Таймс», «Вашингтон Пост» ж. б., эң тираждуу журналдарга - «Молерн Мэтьюнити», «Ридерс Дижест», «ТиВи Гьюоул», «Нэйшнл Джеогрэфи» ж. б. кирет. Компьютердик версияга ээ болгон журналдарга «Тайм» жана «Слайте» (компьютердик магнат Билл Гейтс негиздеген) кирет. Ошондой эле маалымат бюллетендери чыгып турат. Радиоуктуруулар АКШда 1920-жылдан башталган. Азыр АКШда коомдук 430 жана коммерциялык 1000-10000 радиостанция иш алып барат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин телекөрсөтүү башталып, 335 коомдук көз каранды эмес телестанциялар («ЭнБи-Си», «Си-Би-Эс», «Эй-Би-Си», «Фокс», «ВиБи», «Ю-Пи-Эн» ж. б.) иштейт. Өлкө биринчилерден болуп интерактивдүү (көрүүчү каалаган программаны каалаган убакта көрө алган) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашырган. Ири маалымат агентчиликтери: «Ассошиэйтед пресс» (1848) жана «Юнайтед пресс интернэшонал» (1958).
АКШда европалыктар отурукташканга чейин индей урууларынын оозеки жана жазма поэзиясы (миф менен жомоктор, эмгек, аскер ырлары) гана болгон. Алгачкы адабий чыгармалары пуритандык диний-моралдык мүнөздө болгон (17-кылым). Американын улуттук адабияты көз каранды эместик үчүн согуштун алдында (1775- 83) түптөлө баштаган. Анын калыптанышы демократтар жана агартуучулар – Б. Франклин, Т. Жефферсондун жана революционер-демократ Т. Пейндин ысымы менен байланыштуу. Көз каранды эместик үчүн күрөш идеялары Ф. Френо, Ж. Барлоу ж. б-дын поэзиясында чагылдырылган. 18-кылымдын аягында негр-акындар өзүлөрүнүн эмгектерин («Негрлердин кулчулугу», 1789; «Отелло, эркин негр») жарата баштайт. Романтизмдин алгачкы доору 1810-30-жылдарга туура келет (В. Ирвинг, У. К. Брайант, Ж. Ф. Купер). АКШда көз каранды эместиги үчүн согуштан кийин алар өзүлөрүнүн буржуазиялык мамилелерге каршы экендигин жана америкалык революциянын идеялары менен турмуш тажрыйбасынын айкалышпаганын көрсөтүшкөн. Кальвинисттик догмалардан эркин романтиктер пуритан үрп-адаттарын, коомдук начар түзүлүштөрдү сүрөттөшкөн. 20-кылымдагы романтизм тарыхы өзүнүн башынан 2 этапты өткөргөн: баштапкы этапта (1810- 30-жылдар) сатиралык жанрдагы жана тарыхый романдар жазылып, 2-этапта (1840-50-жылдар) адабият чеберлери философиялык жана социалдык иликтөөлөргө, практикалык моралга, патриархалдык жашоого ж. б-га көңүл бурган. Бул мезгилде адабияттын өнүгүшүнө Г. Мелвилл («Моби Дик, кубулган Ак кит»,1851), Н. Хоторка, Э. А. По, АКШнын аболиционисттик адабиятына Торо, Лонгфелло, прозаик Р. Хилдрет, акындар Ж. Р. Лоуэлл, Ж. Г. Уитьер, Ф. Дуглас ж. б. зор салым кошкон. Өлкөдө демократиялык көз караштын граждандык согуш алдында жана согуш учурунда көтөрүлүшү реалисттик тенденциянын адабиятта өнүгүшүнө (Бичер-Стоу, С. О. Жуитт, Ф. Брет, Гарт ж. б. эмгектери) өбөлгө түзгөн. Бул багыттын 19-кылымдагы туу чокусу болуп Марк Твендин («Простаков чет өлкөдө», 1869; «Бейтааныштын сырдуулугу»; «Гельберри Финдин окуялары», 1885) чыгармачылыгы эсептелет. 19-кылымдан 20-кылымга өтмө катмарды О. Генринин, Э. Уортондун жана У. Кэсердин чыгармалары түзгөн. Негр адабиятында көрүнүктүү ийгиликке П. Л. Данбара (1876-1906) ж. б. инсандар жетишкен. 20-кылымда америкада реализм сыны жаралат. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ж. Лондон («Темир согончок», «Мартин Иден» ж. б.), Т. Драйзер («Америка трагедиясы»), Э. Синклер («Жунгли») ж. б. Поэзияда Р. Фрейст, К. Сэндберг, Э. Л. Мастерс ж. б. реалисттик мектеп искусство чеберлери көрүнө баштайт. Ошол учурда АКШнын ири драматургу Ю. О’Нилдин (1868-1953) чыгармачылыгы өркүндөй баштайт. Модерндик мектептер пайда болот. Акындар Э. Поунд, Т. С. Элиот жана прозаик Г. Слейн Америка менен коштошуу мазмунунда жазышкан. Согуштун сабактары Э. Хемингуэйдин, Ж. Дос Пассоса, Ф. С. Фицжеральд ж. б-лардын чыгармаларында чагылдырылган. Азыркы учурда коомдук карама-каршылыктар поэзияда каралып, фантастикалык, интеллектуалдык жанрдагы романдар жазылууда.
АКШнын архитектурасы өзүнүн стили жана үрп-адаты боюнча өтө татаал маданият. АКШда алгачкы европалыктар келгенге чейин, америкалык жергиликтүү архитектуралык салттар өзүнүн образы (пуэбло, хоган, вигвам жана узун вигвам) боюнча калыптанган. Колония болгондон тартып шаарлар курулуп, коомдук имараттар, чиркөөлөр тургузулган. Имараттардын көбүнүн өлчөмү Чикагонун асман тиреген үйлөрү (Түндүк Америка) жана түзүлүшү жөнөкөй болгон. Француз архитекторлору жана инженерлеринин долбоору боюнча курулган Жаңы Орлеан шаары гана өзгөчөлөнүп турган. Турак жайлардын көбү континенттин чыгыш жээгинде курулган. Иммигранттар менен жергиликтүү элдин үрп-адаттарынын айкалышы түрдүү архитектуралык стилдердин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Жаңы борбор – Вашингтон шаары 1-жолу алдын-ала пландаштыруу (Пьер Шарль Ланфон) боюнча курула баштаган. Капитолий менен ак үй гана байыркы рим үлгүсү боюнча курулган. 19-кылымда АКШда урбанизация процесси ургаалдуу жүргөн: шаар кварталдары, турак жайлар дүркүрөп өсө баштаган. Коомдо романтизм «духунун» үстөмдүгүнүн негизинде кайра жаралган симметриялуу формага жана колоннадага ээ болгон грек, ошондой эле учтуу асимметриялык формадагы жалбырак орнаменттүү готика стилиндеги (Ыйык Патрик собору) архитектуралардын айкалышуусу жаңы курулуш стилдеринин жаралышына өбөлгө түзгөн. АКШнын түштүк-батыш бөлүгүндө испандык курулуш стили үстөмдүк кылса, калган бөлүгүндө англиялык «коттедж» жана италиялык «вилла» ж. б. архитектуралык курулмалар белгилүү болгон. Род-Айленд штатында белгилүү жана өтө кооз сепилдер архитектор Р. Морристин ысмы менен байланыштуу. АКШ архитектурасында чоюн, болот жана темир бетон материалдарын кеңири пайдаланып, дүйнөдө алдыга чыккан. Ага мисал, Нью-Йорк штатындагы Бруклин көпүрөсү (архитекторлору - Ж. жана В. Роблингдер). 19-кылымдын 80-жылдарынан тартып АКШнын архитекторлору жана инженер-куруучулары Чикаго менен Нью-Йоркто жаңы конструкциядагы «асман тиреген» (небоскрёб) үйлөрдүн курулуштарын баштаган. Алар АКШнын дүйнөлүк архитектурага кошкон салымы болуп, турак жай райондорун кескин өзгөрткөн. Алгачкы бийик имарат (небоскрёб – архитектору Луис Генри Салливан) 1884-жылы Чикаго штатында курулган. АКШда 2-дүйнөлүк согуш алдьнда (1920-жылы) европалык иммигрант-архитекторлордун таасири астында жергиликтүү үрп-адаттарды четке каккан бир кылка стандарттуу үйлөр курула баштаган. 1960-жылы АКШда постмодерн доору башталып (Майкл Грэйвс жана Фрэнк Генри) жаңы материалдарды жана технологияларды колдонуп, имараттарга кооз формаларды жана жасалгаларды берген. Имараттар канчалык бийиктеген сайын өң палитрасы, орнаменттүүлүгү жана кооздугу байкала баштаган. Бүгүнкү күндө архитектуралык долбоорлордо эски менен жаңы ыкмалар айкалышкан элементтер колдонулууда.
АКШда сүрөт өнөрү индейлердин таштарга тартылган сүрөттөрүнөн башталат. Ал өнүгүү жолунда портреттик живописти (колония мезгили), практицизмди (17-18-кылымдар), буржуазиялык рационализмге кош көңүлдүүлүктү (19-кылым), реалисттик жана айкын эмес жанрды, ошондой эле модернизм, футуризм жана дадаизм стилдерин өткөргөн. Баштапкы мезгилде АКШда портреттик жана диний живопись иштери күч алса, 18-кылымдын ортосунан Ж. Хесселиус, Ж. Смайберт, Р. Фин колонисттер менен индейлердин образдарын тарта баштайт. 19-кылымда У. Олстондун, Т. Коулдун, Ж. Ф. Кенсеттин «Гудзон дарыясынын мектептери» деген темада пейзаждар тартылат. 20-кылымда АКШда европалык живопись искусствосунун чеберлеринин жана жергиликтүү каада-салттарды эске алган ири живописчи – реалисттер (У. Хомер, Т. Эйкинс, Ж. Инесс ж. б.) пайда болот. Бүгүнкү күндө турмуштун көрүнүшүн чагылдырган «гиперреализм» («фотореализм») агымы күч алууда. АКШнын живопись искусствосуна зор салым кошкон сүрөтчүлөр: Ж. Беллоуз, Р. Генри, Ж. Пеннелл, Ж. Марин, И. Танги, Ж. Полок, У. Зораж ж. б.

АКШнын музыкасында Түндүк Америкада жашаган индейлердин музыкалык фольклорунун, ошондой эле Европадан келген иммигранттардын аркыл музыкалык маданиятынын таасири, негрлердин музыкалык фольклорунун салттары бар. Чыгыш Европалык иммигранттардын көбөйүшүнөн (19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында) славян элдеринин фольклорунун таасири күчөй баштаган. АКШнын профессионалдык музыкасы 18-кылымдын башынан өнүгө баштайт. Америкалык алгачкы композиторлордон – Ф. Гопкинсон, У. Биллингс, Ж. Лайон ж. б. белгилөөгө болот. Кийинчерээк С. Форстер 200дөн ашуун лирикалык ырлары менен элге таанымал болгон. 1883-жылы Нью-Йоркто «Метрополитен-опера» театры ачылат; анын сахнасында италян, немец, француз ж. б. артисттер чыккан. Америкалык композиторлор 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Европада, көбүнчө немецтик консерваторияларда окуган. АКШнын композиторлорунун ичинен айрым симфониялык жана инструменттик чыгармалардын автору – Э. Мак Доуэлл өзгөчөлөнүп турган. 20-кылымдын биринчи «Юби» музыкалык ревюнун көрүнүшү, он жылдыгында Р. Гаррис, А. Копленд, Ж. Антейл, У. Пистон, Э. Сигмейстер ж. б. композиторлор көрүнө баштады. Джаз музыкасынын,ыр-бий фольклорунун стилдик ыкмалары «Порги жана Бесс» деген улуттук операнын автору Ж. Гершвиндин чыгармаларында өөрчүтүлдү. 1910-жылдан баштап музыканын өнүгүүсүнө джаз стили таасирин тийгизген; ал Ж. Карпентер, Л. Грюнберг ж. б-дын чыгармаларында байкалат. Джаз музыканттарынын ичинен Э. (Дюк) Эллингтон, Б. Гудмен, Л. Армстронг ж. б. белгилүү болгон. 1932-жылы Нью-Йоркто уюшулган «Композиторлор коллективи» АКШнын ошол мезгилдеги жаңы багыттагы музыка маданиятынын калыптануусунда зор роль ойногон. Композиторлор коллективине кирген музыканттар айрым опера, оратория, хор, массалык ырларды (Э. Робсон жумушчу өздүк көркөм чыгармачылыгы үчүн «Америкалыктар үчүн баллада», «Джо Хилл жөнүндөгү ырлар» ж. б. чыгармаларды) жазган. Музыкант-аткаруучуларга – дирижёрлор: Л. Стоковский, Л. Бернстайн, Ю. Орманди, скрипкачылар: А. Спалдинг, И. Менухин, И. Стерн; ырчылар: Л. Тиббет, П. Робсон, Р. Хейс, Ж. Фаррар, М. Андерсон ж. б.; Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия ж. б. шаарлар симфониялык оркестрлери менен белгилүү болгон. 1960-70-жылдарда АКШнын музыка дүйнөсүндө электрондук студиялар ачылып, «мультимедиа» иштери жүргүзүлгөн. Жаз музыкасы 1960-жылы АКШда негрлердин ошол учурдагы искусствонун көз каранды эместиги үчүн кыймылы менен (Сан Ра, А. Айлер, Ч. Мингес,А. Шепп ж. б.) байланыштуу. Поп музыка, ритм-энд-блюз (М. Уотерс, Т. Б. Уокер, Р. Чарлз ж. б.), рок-н-ролл (1950-жылдардын 2-жарымында - Э. Пресли, Б. Хейли ж. б.), соул пайда болгон.

Учурда АКШда кантри-рок-синтез, диско, рэп, «техно», электрондук сэмпл музыка багыттары өөрчүүдө. АКШнын азыркы белгилүү ырчыларына: М. Жексон, Мадонна, У. Хьюстон, М. Кери, Ж. Лопес, Б. Спирс ж. б. кирет.
АКШдагы алгачкы профессионал театр труппасы (англ. Л. Хэллам башкарган) 1751-жылы НьюЙоркто уюшулган. Америкалыктардын көз каранды эместик согушуна чейин (1775-83-жылдар) Түндүк Американын театр өнөрү англичандардын таасиринде болгон. 1785-жылы Нью-Йоркто 1-америкалык профессионал театры ачылган. 18-кылымдагы
Сильфида балетинен көрүнүш («Шопениана»). М. М. Фокиндин хореографиясы. «Американ баллетиэтр»).
алгачкы америкалык драматургдар: У. Данлап, М. О. Уоррен, Р. Тайлер, Р. Бёрд, Д. Стоун. 19- кылымдын башында АКШнын көп шаарларында туруктуу театр труппалары уюшулат. Бул мезгилдеги белгилүү актерлор – Э. Форрест, А. Олдриж, Ж. Жефферсон, Э. Бут. 1896-жылы Нью-Йоркто «Театр синдикаты» уюшулган. Бул Бродвейдеги коммерциялык театрлардын башы болгон.

20-кылымдын башында жаралган майда театрлар элдин калың катмарын театр өнөрүнө кызыктыруу жагынан прогрессивдүү роль ойногон. Алар ышкыбоздор театры катары пайда болсо да, кийин көбү профессионалдык театрга айланган. 1927-жылы Ж. Лоусон түзгөн «Жаңы драматургдардын театры» АКШнын нускалуу театр өнөрүнүн калыптанышына түрткү берген. Филадельфияда Ж. Риддин труппасы көзгө көрүнө баштайт. 1932-жылы жумушчулар театрынын лигасы түзүлөт. 1929-33-жылдарда кризис учурунда театрдын саны кыскарат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин маккартизм саясаты искусствонун өсүшүнө тоскоол кылат. 1944-жылы Е. М. Гальенн жана режиссер М. Уэбстер Нью-Йоркто «америкалык репертуар театрын» негиздешет. 1955-жылы Нью-Йорктун жанында туңгуч Шекспир театры пайда болот. 60-жылдары ышкыбоздордун чала профессионал жана профессионалдык театрларынын мааниси артат, алар «Бродвей искусствосуна» карама-каршы чыгып, коммерциялык эмес, эстетикалык максатты көздөйт. Бул театрлар «жылдыздар» системасын да четке кагат. Ачык идеялык багыты жоктугунан, ал театрлар журтчулукка зор таасир тийгизе албай, көңүл чөктү драматургияга кайрылат. Ошол эле убакта «Бродвей театрларына» алдынкы тенденциялар кире баштайт. «Менин асылзаада Ледим», «Вестсай окуясы» сыяктуу спектаклдер «мьюзкл» жанрында коюлат. 1957-жылы Нью-Йоркто «Искусствонун линкольндук борбору» ачылат. 60-жылдардын башында Бродвей театрлары менен андан тышкары турган театрлар коммерциялык негизде жакындашып, жеңил-желпи мүнөздөгү репертуарды көбөйткөндөрү үчүн жаштардын протестин пайда кылат. Эксперименттик, авангарддык спектаклдер пайда болот, «Бродвейден сырткары театрлар» деген жаңы агым жаралат. 1947-жылдан баштап Нью-Йоркто «Актёрдук» студия иштейт. 1960-жылдардын 2-жарымынан негр театрлары күч ала баштайт «Нью Лафайет», «Негр ансамбли» ж. б. Бүгүнкү күндө АКШ театрларын үч категорияга бөлүүгө болот: Бродвей жана провинция театрлары, ошондой эле театр исквосунун өнүгүү программалары.

АКШда кинофильмдер адегенде 1896-жылы Нью-Йоркто, анан Голливудда чыгарыла баштаган. Кино 1910-20-жылдарда эле жекече көркөм каражаттары бар өз алдынча искусствого айланып калган. Режиссер Д. У. Гриффиг тарыхый жана психологиялык драма менен эпопея жанрын жаратса, Т. X. Инс «вестерн» жанрын негиздеп, М. Сеннетт «үнсүз кино» мезгилиндеги комедия жанрын түзгөн. 20-жылдары кино өндүрүшү борборлошуп, бир нече ири кино-компаниянын менчигине айланып, Голливуд системасы пайда болду, ал 30-жылдары андан ары өнүктү. Кино өнөр жайынын финансы капиталы менен биригиши, киного каражаттын көп бөлүнүшү, америка киносунун дүйнөлүк рынокто алдыга чыгышы жана көп пайда түшүрүшү кинону америкада өнөр жайдын башкы тармагына айландырды. Голливуд кино өндүрүшү «вестерн», салондук комедия, гангстердик фильмдер, тарыхый боевик жана жалган романтикалык драма жанрында өнүктү, буларда Р. Валентино, М. Пикфорд, Д. Фербинкс, кийинчерээк – Г. Гарбо, Н. Ширер, К. Гейбл, Г. Купер, X. Богарт ж. б. актёрлор тартылышкан. АКШнын турмушун сын реализм позициясынан чагылдырган
«Бороонго буюккандар» кинофильми (реж. В. Флеминг. Скарлет О’Хара – В. Ли, Р. Батлер – К. Гейбл, 1939-ж.).
фильмдерди айрым гана реалист режиссёрлор (Ч. Чаплин, Э. Штрогейм, К. Видор, Ж. Форд,Ф. Капра, У. Уайлер, У. Уэллс ж. б.) жаратты. Режиссер У. Дисней мультипликация фильмине негиз салган. Экинчи дүйнөлүк согуш

(1939-45) мезгилинде америкалык кино ишмерлер Гитлерге каршы коалициянын күрөшүнө салым кошкон. Кинодокументалисттер (Ж. Форд, У. Уайлер, Ф. Капра, П. Стерджес) айрыкча ийгиликке жетишти. Согуштан кийин, асыресе 50- жылдарда АКШда демократчыл багыттагы кино ишмерлер куугунтук жеди, ошондой эле телекөрсөт пайда болду. Натыйжада америкалык кинонун көркөмдүк деңгээли төмөндөп, кино өнөр жайында кризис башталды. 50-жылдардын орто ченинде голливуддук система кыйрап, бир катар ири кинокомпаниялар телекөрсөтүүгө өтүп, башкалары экран үчүн чыгарган фильмдердин санын кескин азайтты. АКШда банктардан же кинопрокат компаниялардан карыз алып, өз алдынча фильм тарткан режиссёрлордун, актёрлор менен продюссерлердин жаңы мууну пайда болду. Ал режиссёрлор – С. Крамер, А. Пейн, С. Кабрик, С. Люмет ж. б. 60-жылдары, 70-жылдардын башында америкалык коомду сындаган реалисттик фильмдер тартылып, америка киносуна жаңы багыт берди. 60-70-жылдары реалисттик кино искусствонун принциптерин туткан М. Николс, П. Богданович, Ф. Перри, Ф. Коппола, Р. Рафельсон, С. Поллак өндүү режиссёрлор иштей баштады. Белгилүү киноактёрлор: Б. Ланкастер, М. Брандо, П. Ньюмен, Р. Стейгер, Г. Пек, Д. Фонда.
Учурда АКШнын киноишмерлерин Америкалык киноинституту (Беверли-Хилс) жана Калифорния университети (Беркли) даярдайт. Кинонун тарыхы жана теориясы боюнча Америкалык киноархиви (Вашингтон шаары) жана жаңы искусство музейи (Нью-Йорк) иштерди жүргүзөт. Сан-Франциско шаарында жыл сайын эл аралык кинофестиваль өтөт; Америкалык кино искусствосу жана илимий академиясы (1927-жылы Голливудда негизделген) жыл сайын «Оскар» сыйлыгын эң мыкты америкалык жана чет элдик кинофильмдерге ар түрдүү номинацияда (мыкты актёр ж. б.) ыйгарып турат. Бүгүнкү күндө белгилүү кино актёрлор – Аль-Пачино, Р. Гир, А. Шварценеггер,С.Сталлоне, Э. Мерфи, Ш. Коннори, Ж. Робертс, С.Сигал, Д. Лунгрен, Ч. Норрис, Л. ди-Каприо ж. б.


Ад.: Игнатьев Г. М., Северная Америка. Физическая география, М., 1965; История США, т.1- 4, М., 1984-85; Новая история. М., 1983; Соловьева М. Г., Соединенные Штаты Америки, М., 1974; США: сфера услуг в экономике, М., 1971; Чегодаев А. Д., Искусство Соединённых Штатов Америки. 1675-1975. Живопись. Архитектура. Скульптура. Графика, М., 1976; Конен В., Пути американской музыки. Очерки по истории музыкальной культуры США, 2 изд., М., 1965; Теплиц Е., Кино и телевидение в США, пер. польск., М., 1966; Бурстин Д. Американцы. В. Зт. Т.1 Колониальный опыт; Т. 2. Национальный опыт; Демократический опыт. М., 1993-1994; Согрин В. В. Политическая история США. М., 2001; История США., 1985.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Б. Үсөнканов, Ш. Керимова.