АМЕРИКА-ПАНАМА КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА-ПАНАМА КЕЛИШИМДЕРИ (1903, 1936, 1955, 1977). 1903-жылы Вашингтон келишими боюнча Панама кеңдиги 16,1 км келген каналдын аймагын АКШга түбөлүккө берүүгө аргасыз болуп, АКШ бул жерде Панама каналын пайдаланууга, ошондой эле армиясын кармап турууга укук алган. Компенсация катарында АКШ Панамага 1904-жылы 10 млн доллар төлөгөн. 1912-жылдан баштап жылына 250 миң доллар төлөп турган. 1936-жылы 2-мартта Вашингтондо кол коюлган жаңы келишимде 1903-жылкы келишим кайра каралып, АКШнын Панаманы кемсинткен кээ бир жоболору өзгөртүлүп жана алынып салынган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин панамалыктар АКШнын бул аймактагы көзөмөлүнө каршы кыймылын активдештиришкен. 1955-жылдагы келишимде (Панамада 25-январда кол коюлган) АКШ Панаманын кээ бир жерлерин кайра берүүсү жана аренда акысын 1млн 930 миң долларга көтөрүү каралган. 1967-жылы Панама менен АКШнын ортосунда 3 келишим түзүлүп, анда 1903, 1936, 1955-жылдардагы Америка-Панама келишимдерин алмаштыруу каралган. Бирок бул келишимдер негизги маселени (Панама каналын Панамага кайра берүүнү) чечпегенден кийин, ага каршы кыймыл башталып, келишимдерге кол коюу жана ратификациялоо белгисиз убакытка чейин токтотулган. 1977-жылдагы Америка-Панама келишимдери боюнча мурдагы бардык келишимдер жокко чыгарылып, 2000-жылдын 1-январынан Панама каналын толугу менен Панаманын суверенитетине өткөрүп берүү каралган.