АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ – 1846–48-жылдарда АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-жылы Мексиканын Техас штатында америкалык плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-жылы Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-жылы Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-жылы 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк жана Борбордук Мексикада жергиликтүү эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-жылы Веракрус портуна америкалык десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору – Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-жылы февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.