АМЕРИКАЛЫКТАР –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКАЛЫКТАР – 1) АКШнын негизги калкы. АКШнын жашоочулары Америкалыктар деп аталат, бирок бул термин дээрлик бүтүндөй батыш жарым шардын жашоочуларын билдирет. Жалпы саны 307, 9 млн адам (2009). 40 млнго жакыны иммигранттар. Америкалык топтор АКШнын холдингдеринде жана аймактарында (мисалы, Пуэрто-Рико жана Гуам ж.б.), ошондой эле Европа, Канада, Мексика жана Россияда жашашат. Америкалыктар америка вариантындагы англис тилинде сүйлөшөт. Алардын көпчүлүгү протестанттар (баптисттер, методисттер), ошондой эле католиктер, иудаисттер, мусулмандар. 16-кылымда Европадан испандар, англичандар, француздар, голландиялыктар ж. б. Түндүк Америкага көчүп барып отурукташып, жергиликтүү индейлерди чет жакаларга сүрүп чыгарышкан. 18-кылымдын аягында америкалык улуттун негизин англиялык колониячылдардын урпактары түзгөн. 19-кылымдын 1-жарымында АКШда иммиграция күчөгөн, европалыктар, өзгөчө Ирландия, Франция ж. б. өлкөлөрдөн келгендердин саны өскөн. 1846–48-жылдардагы Америка-Мексика согушунан кийин мексикалыктар, 1861–65-жылдардагы жарандык согуштан кийин афроамерикалыктар, 20-кылымдын башталышында индейлер Америкалыктардын курамына кирген. 1860-жылы иммигранттар АКШнын калкынын 13–14%ин түзсө, 1910-жылы 40%ке жакынын түзгөн. Аларга каршы 20-кылымдын 20-жылдарында иммиграциялык тыюу салуучу мыйзамдар чыгарылган. 1-дүйнөлүк согуштан соң иммигранттардын саны кескин кыскарып, аларга ар тараптан кысымдар көрсөтүлө баштаган. Ушуну менен АКШ аймагына эркин кирүү доору аяктаган жана ассимиляция процесси тереңдеп, этностор аралык консолидация күч алган. Бүгүнкү күндө Америкалыктар ар түрдүү расадагы этностордон куралган, жалпы улуттук патриоттук сезими күчтүү калк катары саналат. Азыркы Америкалыктардын көпчүлүгүн (69%) европалыктар (немецтер – 15,2%, ирландиялыктар - 10,8%, англичандар – 8,7%, италиялыктар – 3%) түзөт, ошондой эле Америкадагы эң чоң расалык топ испан-америкалыктар: мексикалыктар (7,3%), пуэрторикалыктар (1,2%), кубалыктар (0,4%) ж. б. Алардын көпчүлүгү АКШнын түштүк жана батыш бөлүгүндө, Калифорнияда жана Техаста (50%) жашашат. «Кара» Африкалыктар (афроамерикалыктар) түштүк штаттарда элдин 12,3% ин түзөт.

АМЕРИКАЛЫКТАР – 46.png

Азиялыктар менен аралашуусунун негизинде келип чыккан Америкалыктар 10,2 млн, кытайлар (2,4 млн), филиппиндер (1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар (1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар (796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния жана Гавайи штаттарында жашашат.

АМЕРИКАЛЫКТАР – 47.png

Индейлер (чирок, навахо, чокто, сиу, оджибве – чиппева ж. б.) жана Аляскалык аборигендер (эскимос, алеуттар) – 2,5 млн адам; индейлер АКШнын түштүгүндө элдин санынын 31% ин жана батышында 43%ин түзөт, мындан сырткары шотландиялыктар (4,9 млн), норвегиялыктар (4,5 млн), арабдар (1,2 млн), чехтер (1,2 млн), датчандар (1,4 млн), голл. (4,5 млн), орустар (2,6 млн), украиндер (0, 9 млн) жашашып, өнөр жайларда, тейлөө тармактарында, илимий мекемелерде ж. б. иштешет. Улуттук майрам катары Эгемендүүлүк күнү (4-июль), Энелер күнү (майдын 2-жекшембиси) ж. б. майрамдалат. 2) Америка континентинде жайгашкан өлкөлөрдүн калкы да америкалыктар деп аталат.