АМЕРИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА – Батыш жарым шардагы дүйнө бөлүгү. Чыгышынан Атлантика, батышынан Тынч, түндүгүнөн Түндүк Муз, түштүгүнөн Түштүк океандары менен чулганат. Эки материктен (Түндүк Америка жана Түштүк Америка) турат. Экөөнүн ортосундагы чек Дарьен (айрым учурларда Панама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түндүк Американын түштүгүн Борбордук Америка, Вест-Индия жана Латын Америкасына бөлөт. Американын курамына, ошондой эле дүйнөдөгү эң зор Гренландия аралы жана материктерге жакын жайгашкан аралдар кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км2. Түндүк жана Түштүк Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө бөлүктөрүнөн алыс жайгашкандыгына, аянтынын кыйла чоңдугуна, геологиялык түзүлүшү жана рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10–11-кылымда Американын түндүк-чыгыш жээгине европалыктардан биринчи жеткен нормандар болгон. 1492–1503-жылдары X. Колумб тарабынан ачылган Антил аралы жана кургактыктын жээгинин бир бөлүгү – Индия деп жаңылыш кабыл алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи жаңы ачылган жерлерди – Жаңы Дуйнө деп атаган. 1907-жылы лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарым шардагы жаңы ачылган жер дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи айткан флоренциялык Америго Веспуччинин ысымынан атаган.