АМБУАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМБУАЗ (Амboise) – Франциянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Калкы 11,9 миң (2004). Луара дарыясынын жээгинде жайгашкан. Туризмдин борбору. Алгач 504-жылдан Амбатия деген ат менен эскерилет. Вестгот королу Аларих II жана франк королу Хлодвиг I экөөнүн кезигишип, келишим түзүүгө келүүчү жери болгон. Норманддар тарабынан 843-жылы талкаланган. Шаар 9-кылымдын 2-жармында Карл II Лыстын убагында калыбына келтирилип, граф Анжуйдун ээлигине берилген. Амбуаз 10–11-кылымдарда бир нече жолу талкаланып, кайрадан курулган. Карл VII тарабынан конфискацияланып, домен королдугуна кошулган. Шаар 1560-жылы гугенттердин герцогу Гизовго каршы заговор уюштурган жери. Шаардын жогору жагында аскалуу террасада королдун сепили (12-кылым; 1492–98-жылдары кайрадан курулган, учурда музей) сакталган. Бул жер 15–16-кылымдарда француз монархтарынын эс алуучу сүйүктүү жайы болгон. Сепилдин эки капталы готика жана ренессанс стилинде салынган. Талкаланган дубалдары 2 мунарасы жана капелласы менен сакталган. Кире беришинде фламанд же М. Коломб мектебинин кол өнөрчүлөрү жасаган горельеф (1491–95) бар. Болжолдуу ал жерге Леонардо да Винчинин сөөгү (1869-жылга чейин Сен-Флорантен чиркөөсүндө болгон) коюлган. Сепил 16-кылымдын башында, 17-кылымда абак катары пайдаланылып, 17–18-кылымдарда Орлеан герцогдоруна (1816–48) таандык болгон. Эски шаарда Сен-Дени чиркөөсү (12-кылым; 17-кылымда кайрадан курулган), ратуша (16-кылым) анын астында музей, Жуайёз отели (16-кылымдын башы, учурда почта музейи), саат мунарасы (15-кылым) жана М. Эрнстин долбоору менен курулган фонтан ж. б. бар. Амбуаздан түндүктө Кло-Люсе чарбагы учурда музей. Анын түзгөн моделдери жана ойлоп табуулары сакталган. А. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.