АМАНБАЕВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ (1976-жылга чейин Грозный) – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Аманбаев айыл аймагына караштуу. Күркүрөө суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 990 м бийиктикте, Чымкент – Талас автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 35 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 7 км. 1870-жылы отурукташкан. Калкы 6532 (2022); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, амбулатория, маданият үйү, китепкана, мончо, кафе ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Аманбаевдин ысымынан аталган.