АМАНБАЕВ Жумгалбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ Жумгалбек (1945, Тянь – Шань облусу, Жумгал району, Чаек – 2005, Бишкек) – партиялык жана мамлекеттик ишмер. Айыл чарба илимдеринин кандидаты (1970). 1966-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн. Эмгек жолун 1966-жылы Тянь-Шань мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун аспиранты, улук илимий кызматкер. 1971–1973-жылдары Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясынын директору. 1973–1974-жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы. 1978-жылы Алай райондук партиялык комитеттин 1-секретары, 1981-жылдан Ош облустук партиялык комитетинин секретары, 1985–1988-жылдары Кыргызстан КП БКнын секретары, 1988–1991-жылдары Ысык-Көл облустук партия комитетинин 1-секретары, 1991-жылы Кыргызстан КП БКнын 1-секретары. 1991-жылы октябрдан Кыргыз агро өнөржай экономикасынын илимий изилдөө институттунун директорунун орун басары, 1993-жылдан КРдин Өкмөтүнүн вице-премьер министри. Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.