АМАЛЬГАМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар менен кошундусу. Аны бөлмө температурасында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу менен бөлүнүшүнөн ж. б. ыкмалар аркылуу алууга болот. Амальгама металл буюмдарды алтын менен каптоодо, күзгү даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда амальгама асыл жана айрым сейрек (In, Ga, Ti) металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан амальгама өтө аз колдонулат.