АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ Алясканын түштүгүндө. Түндүк Америка Кордильерасынын системасына кирет. Узундугу 1000 кмдей. Бийиктиги 6194 мге чейин (Мак-Кинли чокусу – Түндүк Американын эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик, өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түштүк капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түндүк капталдары каксоороок; токойдун чеги 1000–1100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.