АЛЬДОЛЬ КОНДЕНСАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЬДОЛЬ КОНДЕНСАЦИЯСЫ – кислоталардын же щелочтордун катышуусунда альдегиддердин же кетондордун 2 молекуласы кошулуп, курамында альдоль спиртинин тобу бар бирикмелерди пайда кылуучу реакция. Мындай реакциядан 2 молекула уксус альдегиди Альдоль конденсациясы реакциясына кирип, Р-гидроксимай альдегидине (альдолго) айланат: СН3СН0+СН3СНО → СНСН(0Н)-СН2-СН0. Альдегиддерге караганда кетондор альдоль конденсациясы реакциясына начар кирет. Эки молекула ацетондон диацетон спирти алынат: (СН3)2СО+(СН3)2СО → (СН3)2С(ОН)СН2СОСН3. Ал химия өнөр жайында бутанолду, 2-этилгексанолду, пентаэритритти ж. б. алууда кеңири колдонулат. Бул реакцияны 1872-ж. немис химиги А. Вюрц ачкан.