АЛЬБУКАСИС
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬБУКАСИС, Альбуказис (орто кылым лат. Albucasis), Аз-Захрави (Абу-аль-Касим Халаф ибн Аббас аз-Захрави) (936-1010 ченде, башка маалымат боюнча 1013) – араб хирургу, орто кылымдын башындагы хирургдардын колдон түшпөс китеби болгон 30 томдук «Китаб аз-Захрави» энциклопедиясынын автору. Ал кан агууну токтотуу ыкмасын, тканды ичеги жиби (азыркы кетгут) менен тигүү, чуркуну операция жолу менен дарылоо, гангренада ампутациялоо жана башкаларды сунуш кылган. 200дөн ашык хирургиялык аспаптарды сыпаттап жазган.
Ад.: Мирский М. Б. Хирургия от древности до современности. М., 2000.