АЛЫШ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫШ СЫМАП КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Үч-Коргон кыштагынан 8 км, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңгээлинен 1200–1500 м бийиктикте жайгашкан. 1962–92-жылдары мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид жана акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орточо өлчөмү 0,24%. Кенташтын С1 категориясы боюнча запасы 92,5 миң т сымаптыкы 222,2 т.