АЛЫШБАЕВ Жумагул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫШБАЕВ Жумагул (1922, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, Фрунзе) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1966), профессор (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1964). Пржевальск педагогикалык окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор районунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1939-45-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945-47-жылдары Кыргызстан ЛKCM Талас обкомунун секретары, Кыргызстан ЛKCM БКнын секретары. 1947-53-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектепте жана КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1953-54-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте директор, Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1956-58), Кыргыз ССР ИАнын экономика институтунда сектор башчы (1958-68), КСЭнин Башкы редакторунун орун басары (1968-69) болуп иштеген.

АЛЫШБАЕВ 20.png

Алышбаев конкреттүү экономиканын айрым тармактары, экономика теориясы боюнча адис катары 200дөн ашуун илимий эмгек жазган. Эмгектеринде

Кыргызстанда өнөр жай курулушу жөнүндөгү маселелер каралып, өнөр жайынын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жолдору далилденген. Кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедия – КСЭни даярдап чыгаруу үчүн түзүлгөн Башкы редакцияны уюштурууга жана болочок энциклопедиянын сөздүгүн түзүүгө зор эмгек жумшаган. Кызыл Жылдыз, эки II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ысмы туулуп-өскөн айылындагы орто мектепке берилген.
Эмг.: Перспективы и проблемы развития тяжёлой промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.