АЛЫМКУЛОВ Келдибай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Келдибай (11.1.1943-жылы туулган, Ош облусу, Ноокат району, Герей-Шорон айылы) – математик, физика-математика илимдеринин доктору (1991), профессор (1998). КМУну (1964), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1969) бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, КР УИАнын Математика институтунда улук инженер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, «Дастан» университетинде профессор, ОшМУда профессор болуп иштеген (1999). Дифференциалдык теңдемелер боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн.

Эмг.: Возмущенные дифференциальные уравнения с особыми точками и некоторые проблемы бифуркационных задач. Б., 1992.