АЛЫМКУЛОВ Карыпбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Карыпбек (13. 2. 1938-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Белек айылы) – электр техник, техника илимдеринин доктору (1997), профессор (1992), КРдин инженердик акедемиясынын академиги (1991). КРдин өнөр жайга эмгек сиңирген ишмери (1993). ФПИни (1960), Ленинграддагы электр техника институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1964). ФПИде окутуучу, улук окутуучу, доцент, ФПИнин энергетика факультетинин профессору (1965-2000), КСЭнин Башкы редакциясында техника редакциясынын башчысы (1968-71), Электр машиналарын куруу боюнча илимий-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук жана технологиялык институтунун директору (1972-88), КРдин Өкмөтүнүн башкаруу институтунун ректору (1988-92), «Электр техникасы» илимий-техникалык борборунун директору (1992-2000), Кыргызстандарттын алдындагы Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча Россия академиясынын филиалынын директору (1996-97), КРдин товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти (1996-жылдан), СССРдин ойлоп табуучусу (1984). 160тан ашык илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинде 11 монография, 6 сөздүктүн автору. «Даңк» медалы менен сыйланган (2000).


Эмг.: Однофазные асинхронные двигатели для электроприводов малой мощности. Исследования, разработка, внедрение. Б., 1995; Оптимальное проектирование однофазных коллекторных электродвигателей. Б., 2003.