АЛЫМКУЛОВ Добулбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВ Добулбек (25. 5. 1930-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Төш-Булак айылы) – патофизиолог, медицина илимдеринин доктору (1973), профессор (1984). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргыз акушерлик жана педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, курортология ж-a физиотерапия ИИИнин директору (1975–84), Кыргыз ССР ИАнын бийик-тоо физиологиясы жанa эксперименттик патология институтунун директору (1984–86). 2001-жылдан КРСУнун профессору, Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү ИИИнин директору (1991–96). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Илимий эмгектери балдардын ден соолугун чыңдоо, жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин жана табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Эмг.: Резистентность детского организма в горных условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и медицинские аспекты использования природных ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун булагы. Б., 1992.