АЛЫМКУЛОВА Сынар Кадыровна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛОВА Сынар Кадыровна (15. 10. 1959-жылы туулган, Россия, Алтай Республикасы, Кош-Агач району, Көкору кыштагы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2014). 1984-жылы МГУнун тарых факультетин бүткөн. 1991–99-жылдары Кыргыз мамлекеттик музейинде илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, окумуштуу катчы, илим боюнча директордун орун басары, 1999-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУда кафедра башчысы, 2011-жылдан профессордун милдетин аткаруучу, профессор. "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесине мүчө (2012). 2017–19-жылдары КР ЖАКтын эксперти. КР Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия мүчөсү. ПИАКтын 61-отурумунун президенти (2018-жылдын август-сентябры, Бишкек-Чолпон-Ата). КРдин элге билим берүүсүнүн мыктысы (2007). Кыргыз, алтай жана кыпчак таануу, түрк элдеринин этнографиясы, музей таануу жаатында адис.