АЛЫМБЕКТИН САНЖЫРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМБЕКТИН САНЖЫРАСЫ – XVII-XVIII кылымдардагы кыргыз-калмак (кара: Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак согуштары), кыргыз-казак мамилелери (кара: Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыргыны); кыргыздардын Чүй, Иле өрөөндөрүнө кайтып келиши (кара: Кыргыздардын Чүйгө келиши), уруу-уруулардын жер-жерлерден орун алышы, Кокон хандыгынын тушундагы элдин турмушу камтылган кол жазма. Анын автору Акылбек уулу Алымбек (1862–1930) болуп эсептелет, бирок айтылгандар толук бойдон Түлөберди баатырдан калган сөздөр экенин өзү эскертип кетет. Мындан тышкары белгилүү манасчы Балыкооз (1799–1887) менен өтө жакын болуп, андан уккандарын жатка билген жана аларды жазып калууну уулдарына тапшырган. Анын негизинде уулу Алымбеков Тургунбек айтылгандарды бир нече дептерге көчүрүп алып, 1947-жылы «Кыргыз урууларынын чыгышы» деген шарттуу аталыш менен СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалына өткөрүп берген. Кол жазма «казак Букар, кыргыз Ысар кирип, актаман чуурунду болгондон кийинки» учурлардан башталып,  кыргыздын атактуу бийлери Маматкул, Кошой, ошондой эле Эсенкул, Жайыл, Кебек, Момокон, Эр Солтоной, Садыр сыяктуу ж.б. баатырларынын чечкиндүү иштери тууралуу уланат. Анын ичинде калмактардын чыгышка (Ички Жуңгария) чегиниши, кыргыздардын Ферганадан Талас – Чүй – Илеге чейин орун алышына байланыштуу ушул аймактардагы геосаясий абалдын өзгөрүшү, Абылай хандын кол салышына негизги себептер, кыргыз-казактын чек ара маселеси, анын чечилиши, казак Бердикожону (кара: Бердикожо баатыр) колго түшүрүп, өлтүрүлүшү сыяктуу окуялар иреттүү баяндалат. Өзгөчө жер-суу аталыштарына тиешеси бар тарыхый окуялар кенен жана өтө так сүрөттөлүп, ар уруудан чыккан кыргыз бийлеринин саясий ишмердүүлүгүнө да ар тараптуу калыс баа берүүгө аракет жасалган. Ошондой эле кол жазманда Кокон хандыгынын тушундагы кыргыздардын каада-салты, күнүмдүк чарбачылыгына байланыштуу маалыматтар жолугат. Санжыраны кыргыздардын XVII-XVIII кылымдардагы тарыхын, саясий абалын жана каада-салт, үрп-адат, маданиятын окуп-үйрөнүүдө баалуу булактардын бири катары саноого болот.

Ад.: Алымбектин санжырасы. Б., 2007.