АЛЫКУЛ ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫКУЛ ТААНУУ – кыргыз адабият таануу илиминин бир тармагы. Акын А. Осмоновдун чыгармачылыгын изилдейт. А. Осмонов кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, анын профессионалдык деңгээлинин жогорулашына салмактуу үлүш кошкон. Анын акындык табылгалары кыргыз поэзиясынын кийинки муундарына күчтүү таасирин тийгизген. А. Осмоновдун чыгармачылык өнөрканасы, анын идеялык-эстетикалык, поэтикалык табылгалары 1940-жылдын экинчи жарымынан адабий сындын предметине айлана баштаган. Акындын чыгармачылыгы улуттук поэзиябыздагы жаңыча көрүнүш экенин анын тирүү кезинде эле айрым кыраакы калемдештери, тактап айтканда Ясыр Шиваза менен Кайсын Кулиев «Алыкул Осмонов» (1946) аттуу макаласында аны «күчтүү ойдун акыны» деп атоо менен ырасташкан. Ал эми М. Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» (1947), Ж. Бердибаевдин «Менин жерим – ырдын жери» (1947), Ж. Самагановдун «Бир чыгармага арналган үч макала тууралуу» (1948) аттуу макалаларда сынчылар ошол мезгилде адабият таануу илиминде орун алган кесепеттүү вульгардык социологиялык сындын таасири, акындын жаңычыл поэзиясын түшүнгүсү келбегендиги байкалат. 1950-жылы Москвадан «Советский писатель» басмасынан А. Осмоновдун «Мой дом» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Котормочу С. Липкин ушул китепке жазган баш сөзүндө А. Осмоновдун чыныгы реалист акын экендигин белгилеген. Ошондой эле 1955–58-жылдары акындын «Тандалмалары» орус тилинде Москвадан жарык көргөн. И. Бутенко, С. Даронян, Л. Лебедева, М. Рудов, А. Яшин акындын поэзиясындагы идеялык мазмундун тереңдиги менен поэтикалык форманын шайкештиги жөнүндө өз бааларын беришкен. Кыргыз адабият таануу илиминде жана адабий сынында өткөн кылымдын 50-жылдарында А. Осмоновдун чыгармачылык дүйнөсүн эстетикалык жактан ачуунун мезгили болгондугу талашсыз. Акындын оригиналдуу, жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин илимий багытта адеп ачып көрсөткөн, жан-дили менен кайра-кайра жар салган сынчы Ш. Үмөталиев болгон. «А. Осмоновдун поэзиясы» (1956), «Актуалдуу ойдун акыны» (1954), «Канаттуу поэзия» (1956), «Турмуш жана акын» (1958) макалалары жана «Алыкул Осмонов. Өмүрү жана чыгармалары» (1958) аттуу монографиясы жарык көргөн. Андан кийин А. Осмоновдун чыгармачылыгынын жалпы жана жеке маселелерин козгогон кандидаттык диссертациялар жазылып, өзүнчө китеп түрүндө басылып чыккан. Алар: «А. Осмонов» (Р. Кыдырбаева, 1957), «А. Осмоновдун поэзиясындагы традиция жана новатордук» (А. Садыков, 1962), «Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили» (К. Кырбашев, 1967), «Пламенный поэт» (3. Мамытбеков, 1971). Адабиятчылар К. Артыкбаев, К. Асаналиев, К. Бобулов, М. Борбугулов, К. Даутов, К. Укаев тарабынан акындын поэзиясы тууралуу атайын макалалар жазылып, чебер тыянактар чыгарылган. Москвадан акындын «Тандалмалары» (1975), «Кыргызстан» басмасынан «Отчий край» (1987) деген жыйнагы басылып чыккан. А. Осмоновдун чыгармаларын которуу маселелерине арналган алгачкы эмгек 3. Мамытбековго таандык. В. И. Шаповаловдун докторлук диссертациясында да таланттуу акындын айрым чыгармаларынын котормолору тууралуу сөз болгон. Алыкул таануу жаатындагы соңку эмгектердин бири – С. Жигитовдун «Акындын эки өмүрү» монографиясын (1998) ушул багыттагы изилдөөлөрдүн жетишкендиги, бийиктиги катары баалоого болот. Бул эмгекте таланттуу акын, котормочу жана драматург А. Осмоновдун лирикалык жана лирика-эпикалык чыгармалары, пьесалары, котормолору илимий принциптердин негизинде толук объективдүү талдоого алынган. А. Осмоновдун адабий мурасы калкыбыздын азыркы жана болочок рухий турмушунда активдүүлүгүн, актуалдуулугун жоготпой өмүр сүрүүдө, акындык кесипке талаптангандар үчүн өрнөктүү таалим-тарбия мектеби катары кызмат өтөөдө.
А. Садыков