АЛЫБАЕВ Мидин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫБАЕВ Мидин (7. 11.1917-жыл, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айылы – 3. 12. 1959-жыл, Бишкек шаары) – акын, сатирик, жазуучу, драматург жана котормочу. 1931-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумда, 1935–1936-жылдары бир жылдык комсомолдук курста окуган. 1936–1938-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында иштеген. 1938–1940-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. Согуш жылдарында жана согуштан кийин республикалык гезит-журналдардын редакциясында иштеген. Чыгармачылык иши 1934-жылдан башталган. «Бактылуу жаштык» (1937), «Ырлар жыйнагы» (1938, 1947), «Ак чүч» (1957) деген ыр китептери жарык көргөн. Акындын поэтикалык мурасы «Мидин» аттуу бир томдукка (1967) басылган. Орус тилинде «Разговор с современником» аттуу ырлар жыйнагы (1958) чыккан. Поэмалары «Замандаш менен сүйлөшүү» деген

АЛЫБАЕВ 3 13.png

ат менен 1958-жылы жарык көргөн. Ал өз поэзиясында назик лиризм менен өткүр сатиралык пафосту, фольклор менен кесипкөй адабияттын салттарын айкалыштыра билген. М. Алыбаевдин мыкты поэтикалык чыгармасы – «В. В. Маяковскийге акындык отчёт» деген поэмасы. «Чыгармаларынын бир томдугу» (1961), «Ачылбаган кат» (1964, 1982, 1987), «Жомоктор» (1965), «Тандалган ырлар» (1967), «Кызыл жылдыз» (1971), «Пьесалар» (1972), «Жомокчу мерген» (1974), «Тандалган чыгармалар» (1977), «Мидин» (1984), «Мидин Алыбаев» (1993) аттуу ырлар жыйнактары чыккан. «Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө», «Ойлончу», «Сага», «Бир элес», «Ак келинге» окшогон ондогон лирикалык ырлары белгилүү, «эпиграмма» жанрына кайрылып, «Адабияттык парадын» жазган. М. Алыбаев бир канча очерк, аңгеме, фельетондордун, «Курорттогу окуя», «Жантектин керээзи» жана башка драмалык чыгармалардын автору. Прозаик, курч фельетончу, сатирик, таланттуу лирик акын катары кыргыз адабиятынын тарыхында чоң орду бар. Ал чебер котормочу катары А. Пушкин, С. Маршак, К. Симонов, С. Михалков, В. Маяковский жана башкалардын чыгармаларын которгон. Ысмы өзү туулган айылдын мектебине жана бир көчөсүнө коюлган.