АЛЫБАЕВ Жапар Бузурманкулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЫБАЕВ Жапар Бузурманкулович (1963-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Жаңы-Базар кыштагы) – экономика ипимдеринин доктору (2016). 1990-жылы Н. А. Вознесенский атындагы Ленинград финансы-экономикалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ж. Баласагын атындагы КМУда окутуучу-стажер болуп баштаган. Кийин ошол эле окуу жайында окутуучу, улук окутуучу, экономика кафедрасынын башчысы болгон. Алыбаев 183 илимий эмгектин, анын ичинен 2 монография, 1 окуу куралынын автору.