АЛУНИТ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛУНИТ КЕНТАШТАРЫ – алюминий кенташтарынын (рудаларынын) өнөр жайлык маанидеги тиби. Ал негизинен алуни (25-70%), кварц, хальцедон, опал (баары биригип 40–50%), чополуу минералдардан турат. Бир аз темир оксиди, ильменит, циркон ж. б. кезигет. Жаш жанар тоо аймагында күкүрт кислотасы менен каныккан күкүрттүү газдын жана эритиндинин таасиринен кычкыл эффузив тоо тектеринин гидротермдик өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Курамында алунит 50%тен кем эмес, чополуу минералдары 10%ке чейин болсо бай, кенташтарда алунит 25% болсо ж а р д ы алунит кенташтарына кирет. Ири кендери Россияда (Шелихов ж. б.), Азербайжанда (Заглик), Украинада (Беган), АКШда, КЭРде, Австралия, Иран, Индия, Аргентина, Мексика ж. б. өлкөлөрдө белгилүү. Кыргызстандын айрым жерлеринде да чакан алунит кенташтары бар. Алунит кенташтырынан алюминийден башка калий жер семирткичи, күкүрт кислотасы жана ванадий, галлий металлдары алынат.
Ад.: Кашкай М. С. Алуниты, их генезис и использование. 2 т. М., 1970.