АЛТЫР УЛУСУ
АЛТЫР УЛУСУ, О л т ы р у л у с у –17–18-кылымдагы енисейлик кыргыздардын башкаруусундагы аймак. Улус Абакандын сол жээгинен, Уйбат жана Таштык дарыяларынын ортосунан орун алып, түштүгүндө Енисейдин жогорку агымындагы аймактарды камтыган. Улустун калкы орус документтеринде «жогорку кыргыздар»,«чоң кыргыздар» деп аталган. Алтыр улусунун чегине Сагай, Четипүүр, Сарыглар, Ичеги, Белтир, Табын, Саян, Чыстар, Иргит, Хахпына жана башка чөлкөмдөр, кыштым жерлери – Том, Мрассу, Кондом дарыясынын, Кузнецк Ала-Тоосунун токойлуу-тоолуу өрөөндөрү, Түндүк Алтайдан Төлөс (Телец) көлүнө чейинки аймактар кирген.
О. Каратаев.