АЛТЫН кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН – Чүй облусунун Жайыл районундагы кыштак. Сарыгоо айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта шаарынан 16 км түндүк тарапта. 1920-жылы негизделген. Деңиз деңгээлинен 668 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 777 (2009); жашылча өстүрүүдө, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар.