АЛТЫН КАЗЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН КАЗЫККичи жетиген топ жылдызынын эң жарык жылдызы (а-Кичи жетиген). Батпай турган топ жылдыздардын катарына кирет. Жердеги байкоочуга ал дайыма бир чекитте турат. Кээде ал Уюл жылдызы деп да аталат. Анткени дүйнөнүн түндүк уюлунан тик чыгыш боюнча 1, 8 миң жана жантаюу боюнча 89°01 айырмаланып тургандыктан, жердеги байкоочу ал аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктай алат. Анын өңү саргыч келип, бетинин темпрасы 7000°Кre барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу 2,1ден 2,3кө чейин өзгөрөт. Алтын казык аркылуу уюлду жана анын бардык тарабын аныктаса болот. Асман сферасындагы жылдыздар алтын казыкка салыштырылып аныкталат.