АЛТЫН ЖАЛАТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН ЖАЛАТУУ – архитектуралык фрагменттерди (капитель, консоль ж. б.) же буюмдарды алтындын буусу менен боёо. Алтын жалатуу төмөнкү ыкмаларда аткарылат: «муздак» алтын жалатуу (алтын чад бүртүкчөлөрүн сүртүү); алтын амальгамасы (алтын менен сымаптын кошундусу) менен алтын жалатуу (бул жол менен Санкт-Петербургдагы Исаакий соборунун мунарасы капталган); «оттуу» алтын жалатуу – амальгама менен жабылган сүрөттү ысытуу (Суздалдагы Теңир эненин соборунун түштүк жана батыш эшиктери кооздолгон); «барактык» алтын жалатуу – алтындын гальваникалык жол менен алынган жука баракчаларын чаптоо.