АЛТЫНТАГ ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫНТАГ ТООЛОРУ Кытайдын батышында, Тарим жана Цайдам өрөөндөрүн бөлүп турат. Узундугу 800 кмдей. Бийиктиги 6161 мге чейин. Негизинен метаморфизмделген тоо тектерден турат. Түндүк капталы тик, түштүгү жантайыңкы. Шагыл таштуу, шор топурактуу чөл жана жарым чөл, андан жогору шалбаа жана талаа ландшафттары ээлейт; чакан мөңгүлөрү бар.