АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна (1947-ж.т., Ош облусу, Ош шаары) – химия илимдеринин доктору (2004). ОшПИни бүтүргөн (1970). Эмгек жолун ОшМПИде окутуучу болуп иштеп баштаган. КР УИАда кенже илимий кызматкер; Кыргызстан КПнын Ош обкомунда; ОшМПИде улук окутуучу, доцент; ОшМУда факультеттин деканы, кафедра башчысы. КР билим берүүсүнүн мыктысы, КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, грамоталар менен сыйланган. Анын 76 илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 2 автордук күбөлүк, 3 патент, 3 методикалык күбөлүктөрү жарык көргөн.

Эмг.: Исследование электропроводности конечных продуктов распада комплексных соединений хлоридов марганца (11), кобальта (11), никеля ( (11) гексаметилентетрамином и диметилсульфоксидом// Научный журнал “Вестник Ошского государственного университета”. – Ош, 2012.–Спецвыпуск.– 268-274.