АЛТАЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ ТИЛИ (1948-жылга чейин ойрот тили) – Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автономиялуу облусунда жашаган жергиликтүү элдин тили. Алтай тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон жана түндүк, түштүк болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түштүк диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. Алтай тилинин түштүк диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кылымдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили менен бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонетикалык, грамматикалык белгилери боюнча кыргыз тилине өтө жакын. 19-кылымдын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-жылы миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-жылы алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-жылы орус графикасына өтүшкөн. Алтай тилинде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, и, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) жана 26 үнсүз тыбыш бар. Алтай тилинде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында моңгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.
Ад.: Грамматика ойротского языка. Новосибирск, 1938; Баскаков Н. А. Алтайский язык . М., 1958.