АЛТАЙ КРАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ КРАЙЫ Россия Федерациясынын курамында (Сибирь Федерация округу). 1937-жылы 28-сентябрда уюшулган. Аянты 168,0 миң км2. Калкы 2,5 млн (2009). Алтай крайында 60 администрациялык район, 12 шаар (11 крайга баш ийет), 14 шаарча бар. Борбору – Барнаул шаары. Аймагында Алтай Республикасы жайгашкан.

Алтай крайынын жери түздүктүү жана тоолуу болуп экиге бөлүнөт. Түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Сибирь түздүгүнүн чет жакалары, түштүк-чыгышын Алтай тоолору ээлейт. Дарыялары: Обь, Катунь; ири көлдөрү: Кулунду, Күчүк, Төлөс. Климаты кескин континенттик, кышы узак, кар аз түшөт, жайы ысык жана кургак. Январдын орточо температурасы –19°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 150 ммден (түздүктөрүндө) 300 ммге (тоолорунда) чейин. Тоолуу бөлүгүндө климаты континенттик, жаан-чачыны мол (1500–3000 мм). Too арасындагы өрөөндөрдө 1500–2000 мм.Түздүктүү бөлүгүндө топурагы кара, батышы шор топурактуу. Аймагынын 1/3ин токой (кайың,мырза карагай ж. б.) ээлейт. Түздүгүндө талаа жана токойлуу талаа зоналары, тоолорунун ички өрөөндөрүндө жарым чөл менен кургак талаа, токой тилкелеринин жогорку бөлүгүндө бийик тундра жатат. Калкынын көбү – орус (85%), алтайлыктар, украин, беларусь ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 53,7%. Ири шаарлары: Барнаул, Бийск, Рубцовск, Горно-Алтайск. Учук оорулуулар дарылануучу Лебяжье курорту бар. Алтай крайы – Россиядагы өнөр жайы өнүккөн крайлардын бири. Машина куруу (трактор жана айыл чарба машинасы, вагон, мотор, буу казан ж. б.), химиялык, нефть-химиялык (шина, жасалма була, химиялык продуктулары ж. б.), жеңил (текстиль), тамак-аш, тоо-кен (полиметалл, алтын, сымап ж. б.) өнөр жайы бар. Негизги өнөр жай борборлору: Барнаул, Бийск, Рубцовск, Новоалтайск, Славгород. Айыл чарбасында дыйканчылык басымдуу. Дан чарбасы (негизинен буудай) өнүккөн. Кант кызылчасы, күн карама, зыгыр, кара куурай, тоют өсүмдүктөрү айдалып, картошка, жашылча-жемиш багы өстүрүлөт. Сүт-эт багытындагы уй, эт-жүн багытындагы кой чарбалары, эчки асыралат. Аңчылык жана бал челек кармоо да чоң мааниге ээ. Үй кушу багылат. Куну чарбасы (тыйын чычкан, кундуз, түлкү, суу күсөн ж. б.) асыралат. Тоолорунда чаар бугу жана марал бар. Темир жолунун узундугу 1710 км. Бийск шаарынан Монголияга Чүй автомобиль жолу кетет. Обь дарыясында кеме жүрөт.