АЛТАЙЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙЛЫКТАР (өздөрүн алтай-кижи деп аташат) – 1) эл, Алтай Республикасынын (Россия Федерациясы) жергиликтүү калкы. Алтай крайында (69, 876), Кемерово (3357), Новосибирск (472) облустарында, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан ж. б. жерлерде да жашашат. Жалпы саны 80, 800, анын ичинде Россияда (79 773) киши (2010). Мурда Тоолуу Алтай жана Кузнецк Ала-Тоосунда жашаган, алтай тилинде сүйлөгөн түрк тилдүү урууларды жалпысынан Алтайлыктар деп аташкан. Дини – христианчылык, ошондой эле шаманизмди туткандар да, баптисттер да бар. 2) Түштүк Сибирдин батышында жашаган элдердин тобу. Алтайлыктар түндүк жана түштүк деп эки этнографиялык топко бөлүнөт. Түндүк Алтайлыктар – самодий, кет, угор жана уйгур, кымак-кыпчак, енисейлик кыргыздар, огуз ж. б. байыркы түрк урууларынын негизинде калыптанышкан. Түштүк Алтайлыктар теле, тугю(тюкю) көчмөн түрк урууларынын, Түрк (552–745-жылдар), Уйгур (745–840-жылдар), Кыргыз (8–13-кылым) кагандыктарынын жана Алтайга келген монгол урууларынын (13, 15, 18-кылымдар) эсебинен түзүлгөн. 1922-жылы Тоолуу-Алтай автономиялык облусу (1948-жылга чейин Ойрот автономиялык облусу деп аталган), 1991-жылы Тоолуу Алтай Республикасы, 1992-жылдан Алтай Республикасы болуп түзүлгөн. Алтайлыктар мал чарбачылык, дыйканчылык, балык уулоо, аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишип, боз үй жана жумуру карагай менен салынган үйлөрдө жашаган. Кендирден токулган узун көйнөк, ыштан, чекмень (чепкен), тон кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт азыктарынан (айран, кымыз, май, курут, быштак ж. б.) даярдалат. Кыргыз элинин этностук жактан калыптанышы Алтайлыктар менен тыгыз байланыштуу. Этностук жакындыктар Алтайлыктар менен кыргыздардын

АЛТАЙЛЫКТАР 3.png

байыркы мезгилдерден берки байланышынын натыйжасы. Эки элдин тилинде, турмуш-тиричилигинде, чарбачылыгында жана каада-салттарында өтө көп окшоштуктар бар. Мисалы, ага, ини, эже, кайни, жээн, куда, кудагый, сеп, энчи, тай, кунан, асый, жылкы ж. б. сөздөр айтылышы, мааниси жагынан бирдей эле түшүнүктү берет.