АЛТАИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТАИСТИКАалтай тилдеринде сүйлөгөн элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корей-япон) тилин, тарыхын, этнографиясын, адабиятын, маданиятын жанa дүйнө таанымын изилдөөчү илим.1730-жылы Алтаистика адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө илимий багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теориялык чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили жөнүндө көп материал жыйнап, аларды иликтөө менен урал (угро-фин, самодий) жанa алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839,1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX кылымдын экинчи жарымынан тартып япон жанa корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер менен алтай тилдеринин өз ара гендик тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө алтаистикада негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теориялык жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин гендик тектештиги жөнүндөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу жөнүндөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү менен бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Баскаков, М. Матсумато, С. Мурамайо, ошондой эле кыргыз жанa япон тилдеринин материалдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонетикалык, лексикалык, морфологиялык жанa синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, башкача айтканда жалпылыктарды алардын гендик тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат жанa ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумуштуулардын концепциясы боюнча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар жана алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө алтаистика фонетикалык, лексикалык, морфологиялык, синтаксистик маселелердин тектештирме тарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең жанa кеңири изилдөөгө алынган.

С. Мусаев.