АЛМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛМАТЫ (1921-жылга чейин Верный, 1993-жылга чейин Алма-Ата) ‒ Казакстандагы шаар, Алматы облусунун администрациялык борбору. Иле Ала-Тоосунун түндүк этегинде (650‒950 м бийиктикте), Чоӊ жана Кичи Алматы сууларынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 700‒900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2015). Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Региондун дүӊ продуктусунун үлүшү боюнча Казакстанда Алматы 1-орунду (14,5%, 2002) ээлейт. Металл буюмдарын өндүрүүчү, оор машина куруу заводу («Эталон», «Альфа Плюс»),

Алматы телекөрсөтүү мунарасы.

(«Монтажинжиниринг» нефть-газ, «Бипарз» медициналык жабдуу ж. б., химиялык («Казфосфат», «Нитропродакт» ‒ минералдык жер семирткич), жеӊил («Фараб» ‒ пахта жиби, «Ырыс» ‒ тери иштетүү, булгаары өндүрүү), тамак-аш («Фудмастер» ‒ сүт азыктары, ун комбинаты, «Тян» колбаса, «Сусындар» ‒ пиво жана алкоголсуз суусундуктар) ж. б. өнөр жайы бар. Сувенирлер («Керамика» фабрикасы, «ТУСКИИЗ» ‒ улуттук кийим ж. б.) чыгарылат. 1998-ж. эркин ишкерлер зонасы деп жарыяланган.
Иле Ала-Тоосунун этегиндеги Алматы калаасы жөнүндөгү алгачкы жазма даректер Рашид ад-Диндин эмгектеринде кездешет. 1251‒59-ж. француз королу Людовик IXнун элчиси жана кытай саякатчысы Чжан Дэ бул шаардын кыйраган калдыктарын өз көзү менен көргөндүгүн жазган. Аймактын Россияга кошулушуна байланыштуу 1854-жылы Алматы кыштагынын ордуна Иле аскер чеби салынып, кийин Верный чеби деп аталат. 1867-жылдан Верный шаары аталып, Жети-Суу облусунун борбору болгон. 1918-жылы 2-мартта мында Совет бийлиги орногон. Граждандык согуш жылдарында (1918‒22) Верный шаары Жети-Суунун аскердик жана саясий борбору болгон. 1921-жылдан азыркы атында. 1924‒25-жылдары Кыргыз АССРинин, 1929-жылдан Казак АССРинин, 1936-жылдан Казак ССРинин, 1991‒97-жылдары Казакстан Республикасынын, 1997-жылдан Алматы облусунун борбору. 1989-жылы анда Желтоксон окуясы болуп өткөн.

Казакстан УИАсы, 70тен ашык ЖОЖ (анын ичинде Казакстан университети, Курмангазы атындагы улуттук консерватория), китепканалар (улуттук, республикалык, балдар), театрлар, музейлер (Казакстан тарых музейи, Мамлекеттик искусство музейи, казак жазуучусу М. О. Ауэзовдун үй-музейи, элдик колдонмо өнөр музейи ж. б.), Абай атындагы опера жана балет театры, М. Ю. Лермонтов атындагы республикалык орус драма, М. Ауэзов атындагы казак драма театрлары, цирк, филармония, немец театры бар. «Казакфильм» кинокомпаниясы, мамлекеттик симфониялык оркестр, мамлекеттик академиялык капелла, Курмангазы атындагы оркестр, композиторлор союзу иштейт. 1994-жылдан Эл аралык форум, салттуу музыка фестивалы, 1990-жылдан акындар айтышы өткөрүлүп турат. Жер титирөөдөн (акыркы жолу 1911- жана 1921-ж.) жана селден бир нече жолу жабыр тарткан, селге каршы курулмалар тургузулган. Алматыга жакын дүйнөдөгү эӊ ири кышкы спорт комплекси Медео курулган. Дүйнөдөгү эӊ бийик, орус стилинде эмес, жыгачтан курулган Вознесенск собору (бийиктиги 54 м; А. П. Зенковдун долбоору боюнча теӊир-тоо көк карагайынан салынган) сакталган. Университет, башкы почта ж. б. курулуштарында, конструктивизмдин таасири даана байкалат. Казак УИАнын ансамблинде классика жана улуттук архитектура басымдуу. 1990-жылдан жаӊы райондор («Самал» ж. б.), диний курулуштар курулуп, эстеликтер тургузулган.
Ад.: Маляр И. И. Алма-Ата. М., 1990.

                                                                                                                    Р. Карачалова, А. Орозов.