АЛМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛМА (Malus) ‒ роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, күбүлмө жалбырактуу мөмөлүү дарак. Бутагы ар кандай узундукта. Кыска бутактарында гүлдөөчү (мөмө байлоочу) бүчүрлөрү өсөт. Жалбырагы саптуу, жылаӊач. Топ гүлү ‒ чатырча. Анын 36 түрү (башка маалыматтар боюнча 150дөй) бар. Көбүнүн мөмөсү (5 уялуу, ар би

АЛМА82.png

ринде 2ден уругу болот) желет. Кавказ, Кичи Азия, Иран, Крым, Кытай, Монголияда ж. б. өстүрүлөт. Кыргызстанда 18 миӊ гадан ашык жапайы алма токойлору бар. Анда Кыргыз, Сиверен, Нездведский, Юзепчук жапайы түрлөрү өсөт. Анын бийиктиги 14 мге жетет. Сөӊгөгү кабык менен капталган. Шагы жайылып өсөт, жалбырагы учтуу, узундугу 5‒10 см. Гүлү чоӊ, ак же кызгылт. Мөмөсү ширелүү, таттуу, өлчөмү, өӊү, формасы сортуна жараша ар түрдүү. Жайылган жоон жыш тамыры жерге тереӊ кирип өсөт. Көп жыл (100, жапайы түрү 300 жылга чейин) жашайт. Сортуна жараша 4‒12 жылда мөмө байлай баштап, 40‒50 жыл түшүм берет. Апрель‒майда гүлдөп, кайчылаш чаӊдашат. Суукка чыдамдуу, ар кандай топуракта өсөт. Алма ‒ маанилүү мөмө жана баалуу өсүмдүк. Мөмөсүндө суу, кант, алма кислотасы, лимон кислотасы, пектин, боёк заттар, А, С витамини бар. Мөмөсүнөн кыям, компот, шире, повидло, мармелад, как ж. б. жасалат. Айрым түрлөрү (сибирь, Нездведский ж. б.) кооздук үчүн да өстүрүлөт. Жыгачы катуу, жакшы сүрүлүп, жылмаланат; буюм, эмерек жасоо ишинде пайдаланылат. Анын миӊдей сорту чыгарылган, түшүмү сортуна, өсүү шартына, жашына жараша болот. Кыргызстанда алманын 23төн ашык сорту (ак алма, Бурхардт ренети, Рашида, Уэлси, кыргыз кыштыгы, семиренко ренети ж. б.) райондоштурулган. Бышып жетилишине жараша жайкы, күзгү, кышкы сорттору болот, кыйыштырылып өстүрүлөт. Уругунан өстүрүлгөнү селекцияда колдонулат. Алма зыянкечтери: алма бити, алма күбөсү, алма мөмө жегичи ж. б. Илдеттери: алма чакалайы, мөмө чириги, кара рак ж. б.

Ад.: Нестеров Я. С. Яблоня. Л., 1983; Основы плодоводства Киргизстана. Под. ред. Гареева Э. З., Ф., 1971.