АЛЛЕМАНДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search


АЛЛЕМАНДА (французча allemande ‒ немецтик) ‒ эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. XVI кылымдын ортосунда Англия, Нидерландияда кеӊири тараган. XVII‒XVIII кылымдарда Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эӊ негизги жай бөлүмү аллеманда аталган.