АЛЛЕГОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЕГОРИЯ (гр. allegoria ‒ каймана айтуу) ‒ 1) к ө р к ө м с ү р ө т и с к у с с т в о с у н д а ‒ кээ бир абстракттуу түшүнүктөрдү адамдын ассоциациясына жакын конкреттүү образдар, жандыктар же предметтер менен жандуу элестетип сүрөттөө (мисалы, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты колунда таразасы бар аялдын элеси менен берүү). Аллегориялык сүрөттөө адатта аларды чечмелеп берүүчү атрибуттардан турат. Аллегория айрыкча өткөн заманда (мисалы, готика жана италиялык Кайра жаралуу мезгилинде) кеӊири колдонулган. Ал эми сөз пайдалануу практикасында аллегория менен символ көп учурда жакындашып кетет. Кыргыздын элдик оозеки чыгармаларында аллегория символдон айырмаланып, конкреттүү бир гана мааниге ээ. Амалкөйлүк ‒ түлкүнүн, ачкөздүк ‒ карышкырдын, жоош, момундук ‒ койдун, кыз ‒ гүлдүн элестери аркылуу берилет. Жазуучулар кээде чыгармаларындагы каармандардын аттарын да аллегория маанисинде колдонушу мүмкүн; 2) а д а б и я т т а ‒ абстракттуу идеянын (түшүнүктүн) образ аркылуу берилиши; адабият менен искусство чыгармаларында көрүнүштөрдү каймана сүрөттөө, образдарды өтмө мааниде берүү. Аллегориялык сүрөттөө оозеки чыгармачылыкта кеӊири пайдаланылган. Тоголок Молдо «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде жалкоо адамды иттин аллегориялык образы менен каймана мааниде көрсөтөт.