АЛЛАХАБАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛЛАХАБАД, И л а х а б а д (байыркы аталышы Праяга) – Индиянын түштүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,3 млн (2019). Ганг менен Жамна дарыялары кошулган жерде жайгашкан. Тогуз жолдун тоому. Шаардын качан пайда болгону белгисиз. Могол императору Акбардын мезгилинде 16-кылымдын 2-жарымында Илахабад аталган. Аллахабадды Ост-Индия компаниясы 1801-жылы аннекциялаган. Шаар Индиядагы көз карандысыздык үчүн күрөштүн, 20-кылымдан Индиянын улуттук конгрессинин иш-аракетинин борбору болгон. Бул шаарда 1920-жылы М. К. Ганди өзүнүн нааразылык кыймылынын программасын жарыялаган. Ганг жана Жамна индустардын ыйык жери “Сангам” аталып сыйынып келишет. Жыл сайын Жамна дарыясынын оң жээгинде он эки жылда бир диний “Кумбаха Мела” фестивалы өткөрүлүп турат. Ал фестивалга 10 млндон ашык зыяратчылар чогулушат. Форттун аймагында Акбар ак сарайынын жана Ашока таш колониясынын (биздин заманга чейин 242-жыл) калдыктары сакталган. Шаардын жаңы бөлүгүндөгү курулуштар европалык неоготика стилинде курулган. Анын ичинде бардык ыйыктар собору (1871–1979; архитектор Эмсерсон), неоренессанс стилиндеги чиркөө, соттордун имараты, почта, университет (1887), музей (1931), индустардын теракот топтомдору, монета үйү, Нерунун жана Н.К. Рерихтин үй-музейи бар. Текстиль (анын ичинде жүн кездеме өндүрүшү), химия, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Аллахабадга жакын Наинеде металл конструкция өндүрүшү иштейт.