АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ, толук түрүндө Абу-л-Хасан Али ибн Абу Талиб ал-Хашими ал-Курайши (17. 3. 599, Меке ‒ 29. 1. 661, Куфа) ‒ арабдардын мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы, ошондой эле күйөө баласы (Фатиманын күйөөсү); «такыба (анык, чыныгы) халифтердин» төртүнчүсү жана акыркысы (656‒661). Араб жазма маалыматтарында анын Каабада туулган эң биринчи бала болгону болжолдонот жана бала чагында ислам динин кабыл алган алгачкы мусулман болгону айтылат. Мухаммед пайгамбарды дайым коштоп жүргөн, бир нече жолу анын өмүрүн сактап калган. Баатырлыгы үчүн «Алланын (Аллах) арстаны» деген атак алып, пайгамбар өз колу менен «Зулпукар» аттуу эки миздүү кылычты сый кылган. Бадрадагы салгылашуудан (624) кийин Мухаммед пайгамбардын кызы Фатимага үйлөнгөн. Осмон халифтин (644‒656) тушунда ич ара нааразылыктар күчөп, 636-жылы көтөрүлүш башталган. Анын жүрүшүндө Осмон халиф өлтүрүлүп, египеттиктердин сунушу боюнча Али халиф болуп жарыяланат. Осмондун аталаш тууганы, Сирияны башкарып турган Муавия Осмондун өлүмүнө Алинин тиешеси бар деп эсептеп, ага каршы чыккан. Ага Мухаммеддин бир топ тарапкерлери жана пайгамбардын жубайы Айша да кошулган. 657-жылы Сиффин кыштагына жакын жерде Али менен Муавиянын аскерлеринин чечкиндүү салгылашуусу болуп, Али 25 миң, Муавия 45 миң кишисинен ажыраган. Али кеңешчилери менен кеңеш кылганда, көбү согушту улантууну колдогон. Бирок Али аны улантуудан баш тартып, натыйжада аны колдоочулардын жарымы бөлүнүп, алар харижит (нааразы болуучулар) аталган. 661-жылы 22-январда Куфа шаарындагы мечиттин ичинде харижиттердин бири Абдуррахман ибн Мулжам тарабынан өлтүрүлгөн.

Ад.: Али-заде А. А. Али ибн Абу Талиб. /Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.