АЛИНАЗАРОВ Садык

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИНАЗАРОВ (Али-Назаров) Садык [1914, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) ‒ 07. 03. 1969] ‒ Советтер Союзунун Баатыры (17. 10. 1943). Советтик Армияга чакырылганга чейин (1942) Фрунзедеги эт комбинатында жумушчу болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта Борбордук фронттун алдындагы 280-аткычтар дивизиясындагы 1031-аткычтар полкунда пулемётчу болуп кызмат өтөгөн.

АЛИНАЗАРОВ76.png

1943-жылы 25-сентябрда түн ичинде Днепрден биринчилерден болуп сүзүп өткөндөн кийин дарыянын оӊ жээгине плацдарм куруп, башка жоокерлер менен бирге 2 күн бою душмандын 12 контр чабуулунун мизин кайтарышкан. С. Алиназаров мөндүрдөй жааган октун алдында 42 саат туруштук берип, душмандын 21 солдаты 2 офицерин жок кылган жана өз пулемётунун огу түгөнгөндө, колго түшкөн душмандын пулемётун пайдаланып согушкан. Ошондогу эрдиги үчүн С. Алиназаровго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган (№5274). Согуштан кийин Бишкек шаарында кайрадан эмгек жолун уланткан.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.