АЛИМ-ТӨБӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИМ-ТӨБӨ ‒ Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 870 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2 767 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.